Арадан эки жыл өткөн болсо да Дача-Сууда адамдардын өлүмүнө себеп болгон жүктүн ээси табылбады
Мындан эки жыл мурда т.а. 2017-жылдын 16-январында таңкы саат 7:30дар чамасында “Манас” эл аралык аэропортунун жанында жайгашкан Дача-Суу айылына түркиялык компанияга караштуу “Боинг-747” учагы кулап түшүп, натыйжада айылдын 35 тургуну жана экипаждын төрт мүчөсү курман болгон. Ошол кезде тараган кабарларда “Боинг-747” жүк ташуучу учагы Гонконг-Бишкек-Стамбул багыты боюнча бара жаткандыгы айтылган.
Расмий маалыматтарга ылайык, окуянын натыйжасында айылдагы 19 үй толук талкаланып, 7 үй жараксыз болуп калган, дагы 12 үй жеңил жабыркаган. Мындан тышкары, адамдардын мал-дүйнөсү жана машиналары да талкаланган.
Жүз берген авиакырсык Кыргызстан калкынын жалпы трагедиясына айланып, адамдар тездик менен зыян тарткан айыл тургундарына материалдык жана моралдык жактан жардам бере башташты. Кыска убакыттын ичинде элден 102 миллион 160 миң 180 сом каражат топтолду. Бирок, расмий өкмөт чогулган каражат тең бөлүштүрүлгөнү, жети жаран үй алганын айтып, бирок, коопсуздук үчүн ким канча акча алганы ачык айтылбастыгын белгилеген.
Ошол кезде расмий өкмөт “Манас” аэропортуна жакын жерде кулаган учакта Кыргызстан жарандарынын жүгү болгонун билдирген болсо да, бирок, элдин арасында учактагы жүк Кыргызстандагы таанымал адамдарга, айрыкча, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тийиштүү экендиги жөнүндө кеп-сөздөр айтылып келет.
39 адамдын өмүрүн алган жүктүн ээси ушул кезге чейин табылбай жатканы да, бул иштин артында өтө бай жана таасирдүү адамдар турганын далилдеп турат. Өкмөт элден чогулган акчаны жарбыркаган адамдарга таратып, курман болгондорго эстелик орнотуп коюу менен тим эле өз милдетин өтөп болгондой сезип калды.
Абдурахман
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…