БУУ Яманга 32 миллион доллар бөлдү
Бириккен улуттар уюму (БУУ) Ямандагы (Йемен) адамдардын өмүрүн сактап калууга багытталган гуманитардык жардамдарды каржылоо үчүн Чукул кырдаалдар менен күрөшүү борбордук фондунун эсебинен 32 миллион доллар каражат бөлдү.
“Анадолу” маалымат агенттиги тараткан кабарда келишинче, бул тууралуу БУУнун Нью-Йорктогу башкы штабында өткөрүлгөн маалымат жыйынында уюмдун маалымат катчысы Стефан Дужаррик билдирген.
Стефан Дужарриктин айтымында, БУУнун гуманитардык маселелер жана өзгөчө кырдаалда жардамдар боюнча координатору Марк Локок менен Бүткүл бүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Девид Паисли 32 миллион доллар бөлүнгөнүн жарыя кылышкан.
Бул каражат Ямандагы адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берүү үчүн Чукул кырдаалдар менен күрөшүү борбордук фонду тарабынан адамдарга негизги кызматтарды көрсөтүү үчүн бөлүнгөн.
Дужаррик БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы ай сайын 8 миллион адамга жардам берип жатканын айтып, муну 12 миллионго жеткирүүгө аракет кылып жатканын билдирген.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…