“Кытай баскынчылыгына каршыбыз” акциясы кыргыз бийлигине олуттуу көйгөй жарата баштады

“Кытай баскынчылыгына каршыбыз” акциясы кыргыз бийлигине олуттуу көйгөй жарата баштады

Кыргызстандын Кытайдагы мурунку элчиси Марат Саралинов “Вечерний Бишкек” гезитине берген интервьюсунда, Кытайга каршы уланып жаткан нааразылык аракеттери Пекин менен мамилеге терс таасирин тийгизерин билдирди. Андан соң президент Сооронбай Жээнбеков: “Кытайга биз рахмат айтышыбыз керек… Анан бул маселе биздин көзөмөлдө. Муну атайын саясатташтырып, мамилени бузганга ички күчтөрдүн кылган аракети, сыртты билбейм кимдер бар,бирок ичти билем кимдер бар экенин… ” – деди.

“Кытай баскынчылыгына каршыбыз” акциясы Кытай же башка мамлекеттер менен экономикалык жана саясий келишимдерге каршы башталган эмес! Тескерисинче, Кытай агрессиясы Чыгыш Түркстанда уйгурлардан жана башка азчылык улуттардан турган миллиондогон мусулман боордошторубузга массалык зулумду күчөтүп, чектен чыгып бара жатканда, ошого каршы нааразылык акциясы катары башталган.

Башкача айтканда, кытайлар Чыгыш Түркстанга да мусулмандардын начар абалынан пайдаланып, алгач жумушчу жана соодагер болуп кирип келе башташкан. Итааткөйлүк, мээнеткечтик, ишкердик сыпаттары менен жергиликтүү мусулмандардын ишенимине киришкен. Өз кезегинде кытай өкмөтү да жалпы стратегиясына ылайык, уйгурлардын жетекчи тобун саткын жетекчилерге алмаштырып, кытайлар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп барышты. Исламий мухит да, Кытайдын кудайсыздыкка негизделген коммунисттик идеологиясы кирип келе жатканын көрүп турса да, бул нерсе динибиз үчүн коркунучтуу экендигин түшүнө алышпады! Тескерисинче, алар (атеисттик түзүм) тарапка өтүп, идеологиялык же башка ар кандай исламий аракеттерге каршы күрөшө башташты.

Натыйжада, убакыт өтүшү менен элдеги куфрга каршы исламий иммунитет алсырап калды! Акыры Кытай – көрүп турганыбыздай – чыныгы максатын ачыкка чыгарды. Миллиондогон мусулман боордошторубузду жана муслима эже-карындаштарыбызды кордоп жатышат. Кыргызстан сыяктуу алсыз мамлекеттер өз тагдырын ишенип тапшырган эл аралык саясат, эл аралык уюмдар жана башкаруу системасы Кытай репрессиясына кыпындай да таасир өткөрө албай жатышат.

Ушул фактылардан келип чыгып, Кытай өз жарандарын Кыргызстанга – мурда Чыгыш Түркстанга алып киргендей – алып кирип, колония кылуу куралы катары пайдаланып жатканынан Кыргызстан жарандарын эскертмекчи болдук. О.э. үммөткө өзүнүн мойнундагы боордоштук жоопкерчилигин эскертип, мусулмандарга болуп жаткан зулумга каршы аракет кылууга чакырдык.

Кайталап айтамын: Баскынчылыкка каршы күрөш, экономикалык кызыкчылыктарга каршы күрөш түркүмүнөн эмес. Тескерисинче, бул күрөш – экономикалык  абалыбыздан пайдалануу менен экономикалык кызыкчылыктарды курал кылып, мамлекеттерди карызга батыруу жолу менен кирип келе жаткан Кытай агрессиясына каршы пикирий күрөш болуп эсептелет! Пайгамбарыбыз с.а.в. “момун бир тешиктен эки жолу чактырбайт” деген. Кытайдын Чыгыш Түркстандагы репрессиясы, Африкада Замбиянын карызы үчүн бүтүндөй энергетика, транспорт тармактарын жана алмаз кендерин тартып алганы, кошуна Тажикстандын жерлерин тартып алышы, –  ушулардын бардыгы мусулмандарга сабак болбоду! Башкача айтканда, Кытай белгилүү бир мамлекеттик кызыкчылыктарды эле эмес, үммөт өкүлдөрүн репрессия кылып, жалпы элдик мүлктөрүбүздү тартып алууда! Биз ушул фактыларга таянып, үммөткө: “Биз бир үммөтпүз, Чыгыш Түркстандагы мусулмандар биздин денебиздин бир бөлүгү, Аллахтын алдында алар тууралуу албетте жооп беребиз, балким Кытай зулумун токтото албастырбыз, бирок, колубуздан келишинче ага каршы туралы, Кытайдын Кыргызстан тарапка кеңейишине жол бербейли, себеби, ушул аракеттерибиз аркылуу зордукталып жаткан аялдар алдында күнөөлөрүбүздөн кутулуп каларбыз”, – деп кайрылып жатабыз!

Албетте, Кытай баскынчылыгына каршы мамиле билдирүүдөн, ал тургай исламий эмес уюмдар да четте калышпайт. Алар да Кытай репрессиясына өздөрүнүн дүйнөкарашынан туруп баа беришет. Мындан тышкары, Кытайга атаандаш мамлекеттер жана уюмдар бар. Алар да табигый түрдө өз тарапкерлери аркылуу кырдаалды өздөрүнүн кызыкчылыгы тарапка бурууга аракет кылышат. Натыйжада, ар түрдүү саясий кыймылдар Ислам үммөтүнүн башына түшкөн балээден – кээде үммөт кызыкчылыгына туура келген, кээде тескери келген иштер аркылуу – пайдаланып калмакчы болушат. Бул табигый саясий жараян, аны эч ким бир калыпка сала албайт.

Кыргызстанда ушул тема саясий карама-каршылыктарды пайда кыла баштады! Эксперттер “бул “үчүнчү күчтөр” тарабынан уюштурулуп жаткан провокация” деп жатышат. Бирок, үчүнчү күчтөр кимдер экенинде алардын пикирлери ар түрдүү. Айрымдары, бул исламий экстремисттердин иши десе, башкалары, эски президенттин тарапкерлери элди бийликке каршы багыттап жатат деп айтышууда.

Биз бул саясий жараянга карата төмөнкүдөй баа беребиз: Баарыбыз көрүп тургандай, Кытай бастырып келе жатат! Бирок, бул абалга карата ээлеген позицияларыбыз – жогоруда айтканыбыздай – ар түрдүү. Башкача айтканда, баарыбыз, анын ичинде, мусулмандар да, өз кызыкчылыгыбыздан туруп баа берип, аракет кылып жатабыз. Демек, бардык кыргызстандыктар Кытай баскынчылыгына каршы! Бул каршылык кубатынан ар бир күч, ал тургай, өкмөттүн өзү да пайдаланып калмакчы болууда! Диний мухитти да улутчулдук, илманийлик жана бузук бийликтин кызыкчылыгы тарапка багыттоо аракеттери башталды! Муътадил (мээлүүн) исламчылар, үммөт кубатын улутка чектеп, аны дүйнөлүк үммөт кубатынан ажыратууга аракет кылып жатышат.

Мусулмандардын мабдаий (идеологиялык) кызыкчылыгын жогоруда баян кылдык. Кырдаалдан кыянаттык менен пайдаланып, аны кафирлер же фасыктар тарапка буруп жиберүү максатында пайдалануу эки дүйнөдө кыйроого алып барат! Мындан Аллах сактасын! Аллахтан таква кылып, бизди ээрчиген үммөт өкүлдөрүн бузук провокатор күчтөргө таштап койбойлу!

Ассаламу алайкум.

Абдураззак.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

13 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

16 hours ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

4 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago