АКШ (Израиль) коопсуздугу камсыздалганына көзү жеткен соң Сириядан чыгып кетет
АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Жон Болтон Америка күчтөрүнүн Сириядан чыгарылышы, (Израилдин) жана башка союздаштардын коопсуздугун камсыздагандан кийин ишке ашырыларын билдирди. Болтон бул тууралуу Кудуста (Израилдин) премьер-министри Бенямин Нетаняху менен биргеликте өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди.
“Биз президенттин аскерлерди (Сириядан) чыгаруу чечимин дагы талкуулайбыз. Муну ишке ашыруу үчүн, бул коркунуч кайра пайда болбошуна толук ишеним пайда болушу керек о.э. Сириянын түндүк-чыгышында согушкерлерди толук жеңишибиз керек. Израилди жана региондогу досторубузду коргоо о.э. “ИШИМ”ге жана башка террордук топторго каршы биз менен биргеликте күрөшкөндөргө камкордук кылуу керек”, – деген Болтон.
Анын бул сөздөрүн (Израилдин) өкмөт башчысы “Twitter”де жарыя кылды.
“Президент Дональд Трамп бир нече жолу (Израилдин) өзүн-өзү коргоо укугун пайда кылуу жөнүндө сөз кылып, муну колдогон. Мен региондо, андан башка аймакта да, бирер калк (Израилдин) өз коргонуусун тикелөөсүнө шек-күмөнменен карабастыкты насаат кылам. (Израилдин) өзүн-өзү коргоо укугун кайрадан тикелөөгө акысы бар”, – деди Жон Болтон.
Нетаньяху (Израиль) өкмөтүнүн 7-январдагы апталык жыйынында Трамптын Сириядагы Америка аскерлерин чыгаруу чечими негизинде, Болтон менен Ирандын региондогу коркунучун жоюу, ага каршы туруу маселелерин сүйлөшүү ниетинде экендигин билдирди.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…