Түркия Афганистандагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылат

Түркия Афганистандагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылат

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын билдиришинче, афган өкмөтү менен “Талибан” кыймылынын ортосундагы 17 жылдан бери токтобой жаткан жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө Түркия Пакистан менен биргеликте ортомчулук кылуу ниетинде.

Эрдоган бул тууралуу 4-январь күнү Анкарада Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен жолугушуу учурунда билдирди.

Эрдогандын айтымында, үч тараптуу жолугушуу үстүбүздөгү жылдын март айында Стамбул шаарында өткөрүүлөт. Имран Хан күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөр көптөгөн жылдардан бери Афганистандын көйгөйү болгон “тынчтык орнотуу маселесине” зор салым кошорунан үмүттөнгөндүгүн билдирди. Бул тууралуу “Associated Press” кабарлады.

Марттагы жолугушуу, АКШнын афган өкмөтү менен “Талибан” кыймылы ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү аракеттеринин бир бөлүгү катары бааланууда.  АКШнын Афганистан маселеси боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад бүгүнкү күнгө чейин “Талибан кыймылынын өкүлдөрү менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө үч ирет жолугушту.

Бирок ошого карабастан, талиптер афган өкмөтү менен түздөн-түз сүйлөшүүнү каалабастыгын билдиришкен.

turkistonkg

View Comments

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

5 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

7 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

7 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

7 days ago