Клинцевич: АКШ Орто Азия мамлекеттеринин саясий иштерине аралашуу үчүн Афганистандан пайдаланат
Федерациялык Кеңештин коргоо комитетинин мүчөсү Франц Клинцевичтин пикиринче, АКШ Орто Азия мамлекеттеринин саясий иштерине активдүү аралашуу үчүн Афганистанга көп басым жасоодо, мындан көздөлгөн максат – Россияга басым өткөрүү. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.
Буга чейин ЖМКлар АКШ Афганистанда атайын топту алып калып, калган аскерий контингентти эки эсеге кыскартууну пландаштырып жатканын кабарлашкан.
“АКШ Афганистандан Орто Азия мамлекеттеринин ички иштерине аралашуу үчүн майдан катары пайдаланат, бул кампаниянын максаты – Россияга басым өткөрүүнү улантуу”, – деген Клинцевич.
Клинцевичтин айтышынча, “Талибан” кыймылын көзөмөлдөө жана “ИШИМ” уюмун өнүктүрүү үчүн америкалыктарга калган контингент жетиштүү болот.
Клинцевич: “Кийинчерээк ушул террорчу уюмдун мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары Орто Азия өлкөлөрүндөгү кырдаалды курчутууда жана ал жерлерде революцияларды пайда кылууга шарт түзүүдө пайдаланылат”, – деди.
О.э. АКШ кайсы жерге кирген болсо, ал жерден эч качан чыкпастыгына көңүлдү бурду.
Ал: “АКШ буга чейин да бир нече жолу Афганистандан өз максаттары жолунда пайдаланууга аракет кылган, а бирок, Советтер Союзу анын бардык пландарын жокко чыгарган”, – деди.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…