Ливия диктатору Каззофийдин уулу Путинге кат жолдоду

Ливия диктатору Каззофийдин уулу Путинге кат жолдоду

Ливиянын мурдагы башчысы Муаммар Каззофийдин уулу Саиф ал-Ислам Россия өкмөтүнө жардам сурап кат жазды. Бул тууралуу  “Bloomberg “ агенттиги кабарлады. Саиф ал-Ислам  катында Россия президенти Владимир Путинге кайрылып,  андан 2019-жылы өтө турган президенттик шайлоодо колдоону суранган.

“Bloomberg”дин кабарына таянсак,  (кичүү) Каззофий катты Россия Тышкы иштер министрлигинин катчысы Михаил Богдановго декабрь айындагы жолугушуу учурунда тапшырган.

Ал катында Саиф ал-Ислам  Россиядан саясий колдоо сураган.  Анын пикиринче, аны менен Ливиядагы саясий күчтөрдүн ортосундагы диалогго ортомчулук кылууга Москва гана жарактуу. Ошону менен бирге, Россиядан экономикалык жардам да сураган.

Россия Тышкы иштер министрлиги бул окуя боюнча эч кандай комментарий бербеди.  “Bloomberg” дин белгилешинче, Россия кайсы талапкерди колдоо боюнча бир чечим кабыл ала элек.

БУУнун долбооруна ылайык, Ливиядагы президенттик шайлоо 2019-жылдын биринчи кварталында өткөрүлүшү керек. Мындай чечим Палермо конференциясында кабыл алынган. Конференцияга Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жана Ливия  армиясынын башкы командачысы Халифа Хафтар катышкан. Хафтардын билдиришинче, Ливия менен Россиянын ортосундагы достук мамиле жакшы натыйжа берери анык.

Саиф ал-Ислам  Каззофий 1972-жылы төрөлгөн. Ал алгачкы билимин Ливияда алып, андан соң окуусун Швейцарияда  уланткан. 1990-жылдардын соңунда жана 2000-жылдардын башында өлкөдө реформаларды өткөрүү боюнча долбоорлорду көтөрүп чыккан.  Британия менен Ливиянын ортосундагы соода алакаларын кайрадан калыбына келтирүү боюнча диалогго салым кошкон. 2011-жылы Муаммар Каззофий режими кризиске учураганда “Улуттук кеңеш” оппозициялык тобуна жетекчилик кылган.  Бирок, жаңы өкмөт тарабынан тез эле кармалып, 2015-жылы ага карата өлүм жазасы жарыя кылынган. А бирок, амнистия себептүү эркиндикке чыкты. Саиф ал-Ислам 2018-жылдын март айында президенттикке талапкердигин койду.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

4 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

7 hours ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

4 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago