АКШ өкмөтүнүн бир бөлүгү ишин токтотту

АКШ өкмөтүнүн бир бөлүгү  ишин токтотту

АКШ федералдык мекемелеринин бир бөлүгү каржыланбагандыгы үчүн ишмердүүлүгүн кыскартты. Бул нерсе президент Дональд Трамп менен демократтар ортосунда карама-каршылыкты пайда кылды.

 Жергиликтүү убакыт менен түн жарымында өкмөттү каржылоо каралган жети мыйзамдын мөөнөтү бүттү. Ошентип, Мамлекеттик департамент, Юстиция министрлиги, ички коопсуздук, айыл чараба, транспорт министрликтери о.э. бир катар мекемелер ишмердүүлүгүн кыскартышы жана кызматкерлеринин бир бөлүгүн эмгек өргүүсүнө чыгарышы керек. Өкмөттүк тармактар ортосунда бир чечимге келүү үчүн убакыт бар. 24-25-декабрь күндөрү дем алыш күнү деп жарыя кылынды, демек бюджеттин таңкыстыгы 26-декабрдан баштап сезиле баштайт. Эгерде кризис тез арада жөнгө салынса, ыңгайсыздыкты негизинен рождество майрамына байланыштуу эс алууга чыгуунун ордуна бюджет менен алектенүүгө мажбур боло турган конгрессмендер сезишет.

Бюджет таңкыстыгы Трамптын  5 млрд долларды чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн бюджетке киргизбестикке аракет кылып жатканына байланыштуу, демократтар болсо буга каршы. Өкүлдөр палатасында республикачылар президент талабын колдоп, кошумча 5,7 млрд доллардык бюджетти макулдашты. Бирок, Сенатта документке кабыл алынышы үчүн кеминде 60 добуш талап кылынат, башкача айтканда, республикачыларды демократтардын бир бөлүгү колдошу керек. Натыйжада жогорку палата келише албады.

Республикачылар Трамп талап кылган 5 млрд доллардык каражатсыз убактылуу бюджетти макулдоону сунуштады. Президент алгач ыраазы болду, бирок, кийин сөзүнө катуу туруп алды жана бюджетке кол коюлбастыгын билдирди.

Үстүбүздөгү жылы АКШ өкмөтү үчүнчү жолу ишин токтотту. Каржылоону токтотуу – ишкана жана мекемелерди тездик менен жабууну түшүндүрбөйт – алардын айрымдары, мисалы, Мамлекеттик департаменттин эсебинде жумшалбаган каражаттар бар болуп, аларды пайдаланышы мүмкүн.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago