Россия: Иранды АКШ санкцияларынын жаңы толкунунан коргойбуз
Россиянын тышкы иштер министринин орунбасары Сергей Рябковдун билдиришинче, Иран АКШ санкцияларынын жаңы толкунунан зыян тартпастыгын камсыздоо үчүн Россия колунан келген бардык ишти аткаруу ниетинде. Бул тууралуу РИА“Новости” кабарлады.
Бул тууралуу ал Ирандын тышкы иштер министринин орунбасары Аббас Аракчи менен жолугушуу учурунда билдирген.
“Биз Ирандын позициялары бекемделиши үчүн максимум ишти кылууга олуттуу киришкенбиз. Мында Америка админстрациясынын чечими боюнча кайрадан киргизилип жаткан санкциялар толкунунан келиши мүмкүн болгон терс натыйжалар жокко чыгарылышы керек”, – деген Рябков.
Анын кошумча кылышынча, Россия биргелешкен кеңири масштабдуу аракет планын сактап калуу үчүн максималдык деңгээлде аракет кылуу ниетинде. Министрдин орунбасары Россия Ирандын ядролук келишимине ишенимдүү экендигин дагы бир жолу баса белгилеген.
Май айында АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Иран менен ядролук келишимден чыгышы о.э. Иранга каршы санкциялар кайрадан киргизилиши тууралуу жарыя кылган.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…