Кыргыз бийлиги социалдык тармактан “Кытай баскынчылыгына каршыбыз” деп аталган акциянын таасири себептүү коомдо калыптанып бара жаткан саясий-пикирий жетекчиликке каршы аракет баштады
21-декабрда “ЭЛТР” телеканалынан Кытайга каршы калыптанып бара жаткан жарандардын каршылык аракеттери өтө кооптуу экени айтылды. Президенттин жыл жыйынтыгы боюнча өткөрнө маалымат жыйынында айткан сөзүнө негизделип, саясий элитанын бир топ өкүлдөрү жана саясий серепчилердин пикирлери эфирге узатылды. Телепроектте экс-президент Отунбаева, экс-спикер Эркебаев жана экс-премьер-министр Темир Сариевдердин Кытай менен этият мамиле кылуу керектигин баса белгилеген билдирүүлөрү орун алган.
Президент Жээнбеков 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөргөн басма сөз жыйынында, “Бизде азыр 10 кытай соттолду, бешөө түрмөдө жатат. Алар бакырган жок да! Ал жактагы биздин кыргыз туугандарыбыз Кытайдын жараны, ал жерде Кытай республикасынын мыйзамдары иштейт” деди. Ал Кытай менен этият мамиле кылуу керектигин айтып, быйыл Кытайдан келип жаткан инвестициянын көлөмү 45% га азайганын билдирди.
Азыр Кыргыз республикасы экономикалык жактан оор абалда. Өлкөнүн тышкы карызынын негизги бөлүгүн Кытайдан алынган карыздар түзөт. Буга кошумча, өкмөт менен Кытайдын ортосунда ишке түшө элек көптөгөн экономикалык жана саясий келишимдер бар. Чиновниктер үчүн өтө пайдалуу болгон жаңы экономикалык долбоорлор жана келишимдерге кол коюлганы турат. Жээнбековдун жаңы командасынын да азырынча Кытайдан башка экономикалык таянычы жок. Кытай да Кыргызстан сураган тармактын бардыгына териштирбей туруп карыз берет же компанияларын алып кирет.
Бирок, үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымынан баштап, жарандардын социалдык тармактар аркылуу нааразылык аракети күчөдү. Акыркы күндөрдө элдин нааразылык аракеттери видео-кайрылуулар, митингдер, пикеттер менен улана баштады. Жетекчи топ, президент, бийлик, саясий элита биригип, “мен Кытай баскынчылыгына каршымын” акциясына каршы маалыматтык согуш баштамакчы болушууда. Себеби, Кытайга каршы бул акциянын таасири астында калыптанып жаткан жарандык пикирий багыт, алардын кыянаттык менен киреше табуу булактарына таасирин тийгизе баштады. Кытай карыз берүү, же ишканаларын алып кирүү аркылуу Кыргызстанды басып алууну көздөп жатканын жарандар түшүнө баштады. Жарандарда Кытай баскынчыларына каршы бул аң-сезимдүү каршылык турганда, кыргыз бийлиги жийиркеничтүү пландарын, башкача айтканда, Кытай баскынчыларына шарт түзүп жаткан долбоорлорун ишке ашырууда кыйынчылыктарга дуушар боло беришет. Кыргыз бийлиги Кытай менен Кыргыз калкынын ортосунда калышы мүмкүн. Башкача айтканда, Кытайдын экономикалык колония кылуу долбоорлору менен, ага каршы багытталган, колония болууга ыраазы болбогон Кыргыз жарандарынын кызыкчылыгы ортосунда калып, калктын каарына дуушар болушу мүмкүн.
Ошондуктан, Кыргызстандагы жетекчи топ өз кыянаттарын “элдин кызыкчылыгы” кылып көрсөтүп, жарандарын ушуга ишендирип алмайынча, Кытай менен ар кандай мамилеси каршылыкка дуушар боло берет. Кытай ар кандай экономикалык, гуманитардык жана башка алакаларынын бардыгында колония кылууну, же кен-байлыктарыбызды жана башка пайдалуу тармактарыбызды тартып алууну көздөйт. Себеби, бир нече мамлекеттер Кытайга карыз болуп, ошол кызыкчылыктарын ага алдырып коюшкандыгына күбө болгонбуз!
Бир катар диний, улуттук жана коомдук ишмерлер тарабынан” “Кытай проблемасына аралашпай, аны бийликке калтыралы. Бул назик маселе”, – деген сөздөр айтылууда. Бирок, азыр мамлекеттин кызыкчылыктарын бийликке калтырып коюу, кудум эле карышкырга кой кайтартып коюуга барабар. Бийлик, жетекчи топ жана саясий элитада соо-саламат мухит жок! Калк аларга ишенбейт! Себеби, ушул абалыбыз т.а. Кытайга карыз болуп, колония болуунун астында турганыбыз, ушунча кен-байлыктарыбызды куфр компанияларына сатып жиберип, алардан кайтарып ала албай жатканыбыздын бардыгы ушул жетекчи топтун кесепетинен болбодубу! Калк аларга моюн сунушу мүмкүн, бирок, ишенбейт!
Абдураззак.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…