Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду
Ошто өтүп жаткан Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйыны 18-декабрь күнү аяктады.
Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколго жана соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду.
Документтерге Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшту.
Кыргыз өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, жол картасында соода, өнөр жайда биргелешкен кооперация, карантин жана ветеринария тармагында кызматташуу, бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, эл аралык кызматташуу жана башка маселелер кирген конкреттүү кадамдар жана мөөнөттөр камтылган.
Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш облус жетекчилер Кеңеши Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2017-жыл, 5-6-сентябрдагы Бишкекке сапарынын алкагында кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн.
Аталган Кеңештин биринчи жыйыны үстүбүздөгү жылдын 29-30-март күндөрү Ферганада болуп өткөн.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…