Тажикстан: Чет өлкөдө диний билим алган студенттердин ата-энелери жоопкерчиликке тартылат

Тажикстан: Чет өлкөдө диний билим алган студенттердин ата-энелери жоопкерчиликке тартылат

Тажикстан өкмөтүнүн жыйынында конституцияда көрсөтүлгөн “ата-энелердин балдарын тарбиялоо боюнча милдети” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жана бул жаатта жаңы токтом кабыл алуу маселеси талкууланды. Жаңы токтомго ылайык, Исламий билим алуу үчүн мамлекеттен укуктук уруксат албастан чет өлкөгө жөнөтүлгөн балдардын үй-бүлөсү жазага тартылат.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы диний билим алуу үчүн балдарын мыйзамсыз түрдө чет өлкөдөгү окуу жайларга жөнөткөн ата-энелерди жоопкерчиликке тартууну сунуштап жатат. Мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөр, диний окуу жайларда билим алып жаткан студенттердин ата-энелерине гана тиешелүү.

Тажикстан парламентине караштуу булактын билдиришинче, чет өлкөдөгү исламий университеттерде мыйзамдуу түрдө билим алып жаткан студенттер да ар дайым өкмөттүн көзөмөлү астында болот.

Парламенттин өкүлү: “Тажикстан расмийлери дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу чет өлкөдөгү мамлекеттик окуу жайлар жөнүндө, башкача айтканда, билим алуу жараяны кандай жүрүп жаткандыгы о.э. студенттер кандай сабактарды окушу керектиги боюнча маалыматтарды топтошот. Чет өлкөдөгү исламий университеттерде билим алып жаткан студенттер түрдүү “террористтик” жана “экстремисттик” топтордун тузагына түшүп калбастыгы үчүн ушундай кылуу зарыл”, –  деди.

Тажикстан өкмөтү 2010-жылдын башында чет өлкөлөрдө диний билим алып жаткан студенттерди мекенине кайтаруу аракетин баштаган. “Чет өлкөдө диний билим алууну каалагандар мамлекеттин ыраазылыгын алышы керектиги”  туурасында конституцияга киргизилген өзгөрүүлөрдү Тажикстан парламенти 2011-жылдын май айында кабыл алган.

Диний мекеменин өкүлү Афшар Мукимдин билдиришинче, Яман, Сирия, Мисир, Пакистан, Афганистан, Ирак жана Иранда мыйзамсыз диний билим алып жаткан 3 миңден ашуун Тажикстан жараны мекенине кайтарылган.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago