Жээнбеков: Кыргызстан дүйнөгө шерменде болду

Жээнбеков: Кыргызстан дүйнөгө шерменде болду

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 14-декабрь күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кызматынан убактылуу четтетип турууну тапшырды. Президент бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында айтты.

Президент транспорт министринин орунбасары жакында пара менен кармалганы жөнүндө айтып “Кыргызстан бүт дүйнөгө шерменде болгонун” айтты.

 Жээнбеков ачууланып: “Калилов, ордуңуздан туруңуз. Мен болгондо арыз жазып, тергөө бүткүчө убактылуу иштен четтеп турмакмын. Жок дегенде “четтеп турайын” деп да арыз жазбайсың! Урматтуу премьер-министр, 500 миң доллар пара боюнча талкуу болуп жатат. Мына, мен аймактарды кыдырып жүргөндө майып балдардын ата-энелери оору бакканы үчүн иштей албай жатканын айтып, “бизге айлык төлөп бергилечи” деп суранышчу. Ушул маселе кечээ чечилди. Азыр алар жарыбаган акчага сүйүнүп жатышат. 500 миң доллар эмне деген пара? Бул боюнча баарын жоопко тартыш керек. Урматтуу премьер-министр, министрди убактылуу иштен четтетип туруңуз. Азыр ал Коопсуздук кеңешинин жыйынында отурат. Бул эмне деген шермендечилик?” – деди.

Туркистон:

Паракордук – бул коррупциянын жемиши. Коррупция болсо, башкаруу системасы негизделген мабдаънын (түзүмдүн) жемиши болуп, алар (паракордук, экономикалык кризистер, коррупция, ахлакий бузукчулук….) демокротияга негизделген капиталисттик мабдаънын табигый кризиси!

Кыргызстандын саясий элитасы да, коррупцияга каршы күрөш натыйжа бербестигин жакшы түшүнөт. Ошондуктан, алар коррупцияга каршы күрөшпөйт. Болгону, бири-бири менен бийлик талашуу учурунда “коррупцияга каршы күрөш” операциясынан пайдаланышат. Мисалы, бакиевчилер тарабынан коррупцияда айыпталган адамдар, бийлик алмашкандан кийин бир күндө таза адамдарга айланып калышты. Атамбаевчилер бийликтен кетери менен коррупцияда айыпталып, бир четинен кармалып жатышат.

Демек, проблема адамда же белгилүү бир топтордо эмес. Тескерисинче, бул башкаруу механизми ар кандай топ же адамды бийликке келери менен өз иримине тартып кетет. Учурдагы башкаруу системасы ичинде, пара албай, экономикалык жана саясий кылмыш кылбай иштөө мүмкүн эмес.  Бийликте пирамида көрүнүшүндөгү паракордук системасы бар болуп, анда төмөндөн жогору карай көбөйүп баруучу пара берүү механизми калыптанган. Бул сөзүбүздү, мурунку президент жана министрлердин бардыгы миллионер экендиги далилдеп турат. Кыргызстан да башка мамлекеттер сыяктуу эле, коррупция жана паракордуктан кутула албайт. Себеби, бул кылмыштык проблема эмес, аны кылмышкерлерге каршы күрөшүү аркылуу жоюу мүмкүн эмес. Бул дүйнөлүк мабдаъий проблема.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago