Өзбекстан менен Британия Афганистанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр
Лондон шаарында Өзбекстан президентинин Афганистан маселеси боюнча атайын өкүлү Исматулла Эргашев жана Британия премьер-министринин Афганистан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Гарет Бейлинин катышуусунда Өзбекстан-Британия кеңешүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу, Өзбекстан тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматына таянып “Sputnik” кабарлады.
Жолугушууда Афганистан жана ага чектеш аймактагы кырдаалдын өнүгүшү о.э. жаңжалдашып жаткан тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жараянын баштоо боюнча аткарылып жаткан иштер туурасында пикир алмашылды.
О.э. 2018-жылдын 27-мартында Афганистан маселеси боюнча болуп өткөн “Тынчтык жараяны, коопсуздук тармагында кызматташтык жана аймактык өнөктөштүк” деген аталыштагы эл аралык конференцияда кабыл алынган Ташкент декларациясын ишке ашыруунун алкагындагы кызматташтыктын маанилүү багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.
“Британия тарап, Өзбекстандын “Талибан” кыймылы о.э. Афганистандагы бардык саясий күчтөр катышуусундагы тынчтык жараянына көмөктөшүү боюнча үзгүлтүксүз аракеттерин дүйнөлүк коомчулук колдоого алганын билдирди. Афганистанда социалдык жана экономикалык долбоорлорду, анын ичинде инфраструктура, маданий-гуманитардык о.э. билим берүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуу билдирилди”, – деп айтылат кабарда.