Король Салман: Биз “муътадил Ислам” моделин кабыл алабыз

Король Салман: Биз “муътадил Ислам” моделин кабыл алабыз

Сауд Арабиясынын королу Салман ибн Абдулазиз Шуро межлисинин жетинчи сессиясына төрагалык кылды. Королдуктун гимни менен башталган жыйынга Саудиянын мураскор шахзадасы Мухаммад ибн Салман да катышты.

Король Салман өз сөзүндө Саудия королдугу шарият өкүмдөрүнө байланган абалда калышын баса белгилеп, ошол эле учурда “Муътадил (мээлүүн) Ислам” жана “диндер аралык толеранттуулук” баалуулуктарын кабыл аларын билдирди. Король Салман мураскор шахзада Мухаммад ибн Салман жаңы муун үчүн реформаларды даярдап жатканын айтып өттү.

Саудияда шахзада Мухаммад ибн Салман мураскор болуп дайындалгандан баштап “муътадил Ислам” моделине өзгөчө көңүл бурулгандыгы байкалууда.

Терроризм жана экстремизмге каршы күрөштү улантышын айткан король Салман ибн Абдулазиз Палестина маселесин негизги маселе деп эсептөөнү улантышын баса белгиледи.

1930-жылы Нажд аймагында кеңири кулач жайган Сауд үй-бүлөсү Халифалык мамлекетине каршы чыгып, англистердин жардамы менен Сауд Арабия мамлекетин негиздеген. Салман ибн Абдулазиздин атасы Абдулазиз Ал-Сауд Саудия королдугунун негиздөөчүсү болуп эсептелет.

Туркистон:

Куфр дүйнөсү мусулмандарды бөлүп-жарып, бири-бирине душман кылуу жана алардын арасынан өздөрүнө малайларды ажыратып алуу максатында ар түрдүү терминдерди ойлоп табышты. Негизи, Расулуллах (Саллолоху алайхи ва саллам) жана сахабалар (разияллоху анху) доорлору тургай, жакынкы эле мезгилге чейин “мутадил Ислам”, “радикалдык Ислам” деген нерсе жок эле.

Батыштын назарында “муътадил ислам” дегенде демократиялык баалуулуктарды кабыл алуу этибарга алынат.

Американын «Комментарий» журналы 2008-жылы “Муътадил исламчылар” боюнча изилдөө иштерин жүргүзгөн «American Enterprise» институтунун изилдөөсүн жарыя кылган. Журнал кабарлагандай, изилдөөдө “муътадил Ислам”дын Батыш өлчөөлөрүнө ылайык айрым негизги белгилери келтирилген. Изилдөөгө ылайык, ошол белгилер аркылуу “муътадил Ислам”га айкындык киргизүүгө болот. Ал белгилердин эң маанилүүлөрү төмөнкүлөр:

  • Демократияны кабыл алуу жана колдоп-кубаттоо.
  • Исламий мамлекет идеясын четке кагуу.
  • Мыйзамчылыктын диний болбогон булактарын моюнга алуу.
  • Шариятты үгүттөө демократиялык принциптерге туура келбейт жана адам укуктарын урматтабайт, деп эсептөө.
  • (Батыш үгүттөгөн) аялдар укугун урматтоо.
  • Диний азчылыктарды урматтоо.
  • (Батыштын назарында) террор болуп эсептелген нерсеге каршы туруу.
  • Батыш террор деп атаган аракеттерди кылбастык жана ага шарт түзбөстүк.
  • (Батыш тарабынан белгиленген) адам укуктары жөнүндөгү бардык эл аралык мыйзамдарды урматтоо.
  • Адам укуктарын урматтооодо диний чектөөлөр сыяктуу кандайдыр бир чектөөлөргө жол бербөө.
  • Исламдан баш тартып, башка динди кабыл алуу же таптакыр динсиз болууну адам укуктарынын бири деп билүү.
  • Шариятка ылайык келе турган кылмыштык мыйзамдар жана жарандык мыйзамдардын колдонулушун четке кагуу. Мындай мыйзамдарды аткарбастык жана илманий (светтик) мыйзамдар менен жашоого шыктанууну адам укуктарынан деп билүү.
  • Ислам өлкөлөрүндө мусулман эместер үчүн атайын ибадатканалар курулушун диний азчылыктардын укугу деп билүү.
  • Конституция диний эмес эрежелерге негизделишин туура деп билүү.

Мына ушулардан муътадилдик алардын назарында Ислам хазаратын Батыш хазаратына ылайыкташтыруу экендиги көрүнүп турат. Негизи, Ислам жалгыз,  ал ар түрдүү эмес. Исламда алар айтып жаткан радикалдык да, муътадилдик да жок. Ошондуктан, мусулмандар куфрдун айла-амалына алданбастан, бул сыяктуу жасалма терминдерге каршы күрөшүүсү важиб.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago