Марк Карлтон-Смит: Россия “Ислам мамлекети” уюмунан да чоңураак коркунуч
Британиянын Башкы штабынын башчысы, генерал Марк Карлтон-Смит “The Telegraph” басылмасына берген интервьюсунда Россия бүгүнкү күндө “улуттук коопсуздукка диний экстремисттер, айрыкча, “Ал-Каида” жана “Ислам мамлекети” уюмдарынан да көбүрөөк коркунуч туудуруп жатканын билдирди.
“Россия өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо жана кеңейтүү үчүн аскерий кубаттан пайдаланууга даяр экендигин көрсөттү. Орустар өзү аныктаган ар кандай боштук жана алсыз чекиттен пайдаланып калууга аракет кылышууда”, – деди генерал.
Карлтон-Смиттин айтышынча, Ирак жана Сирияда “ИШИМ” жеңилген соң, алар тараптан болуп жаткан коркунуч азайган, бирок Россия “Батыштын алсыз чекиттерин, кибер тармак, космос жана суу асты сыяктуу тармактарды тынымсыз изилдөөгө киришкен”.
Батыш мамлекеттери Россияны Украинага карата агрессордук кылгандыкта, Крымды басып алууда, АКШдагы президенттик шайлоого аралашууда, башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдарга каршы киберчабуул уюштурууда о.э. Британияда химиялык курал колдонгондукта айыптап келишет. Ал эми Россия болсо, бул айыптоолордун баарын четке кагып келет.