Кыргызстан мамлекеттеги алтынды сактап калуу үчүн салык ставкасын жогорулатуу зарыл деп тапты
Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети алтын рудасы үчүн экспорт салыгын көбөйтүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандан казып алынуучу курамында алтыны бар рудалардын экспорттук салыгы 3 пайызга көбөйтүлөт. Алтын жана алтын эритмелери мамлекетте бир деңгээде болот.
Экономика министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев алтын экспорту үчүн салык ставкасы көбөйтүлүшүнөн көздөлгөн максат – алтынды кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканаларды ачуу экендигин белгиледи.
“Кумтөргө кошумча түрдө, бардык компаниялар алтын кендерин казып алуу жаатында Кыргызстанда топтолууда. Рудалар Казакстан, Кытай жана Түркияда кайрадан иштетилет. Биздин алтындар ушул жерде калышын же мамлекетке кайтып келишин каалайбыз”, – деди Айдаралиев.
“Улуттук банк жыл сайын 2,5 тонна алтынды чет өлкөдөн алат. Зергерлерибиз да алтынды чет өлкөдөн сатып алышат. Алтын запасына ээ болгон Кыргызстан алтынды импорт кылууга мажбур болууда. Биздин зергерлерибиз өнөржай өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткан импорт салыгын төлөшү керек болууда. Ошондуктан, Кыргызстандан алтын руда экспорт кылууну токтотушубуз жана алтынды сактап калышыбыз зарыл”, – деп кошумчалады Айдаралиев.
Учурда Кыргызстанда алтын казып алуучу жети компания бар экендиги айтылууда.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…