Евробиримдиктин саммити Brexit боюнча келишимди жактырды
Евробиримдиктеги 27 өлкөнүн башчылары жекшемби күнү Европа Кеңешинин кезексиз саммитинде Британиянын биримдиктен чыгыш боюнча келишимди (Brexit) макулдашты. Бул тууралуу Еврокеңештин жетекчиси Дональд Туск билдирди.
Келишимден тышкары, Brexit жөнүндөгү документтер пакетине Британия менен Евробиримдиктин келечектеги мамилелери белгиленген саясий декларация да киргизилген.
Евробиримдиктин сүйлөшүүлөрдөгү координатору Мишель Барньенин билдиришинче, Евробиримдик жана Британия кийинки сүйлөшүүлөрдү 2019-жылдын 30-мартында т.а. Британия Евробиримдиктен чыккан күндүн эртеси башташы мүмкүн.
Франция президенти Эммануэль Макрон Британия биримдиктин ишмердүүлүгүндө маанилүү рол ойноону улантышын айтып өттү.
Еврокомиссиянын жетекчиси Жан-Клод Юнкер Брюсселдеги саммитте Британиянын Евробиримдиктен чыгышын кырсыктуу окуя деп атады.
Ал: “Британия сыяктуу мамлекет Европа Союзунан чыгышына күбө болуп туруп, буга кубануунун кереги жок, бул кайгылуу жана кырсыктуу ирмемдер”, – деди.
14-ноябрда Британия өкмөтү Brexit боюнча келишимди макулдаган. Эми аны Европарламент жана Британия парламенти тастыкташы керек.
2019-жылдын 29-мартында Британиянын Евробиримдиктен чыгышына расмий старт берилет. 21 айга созулган өткөөл мезгилде Британия Евробиримдиктин жана бажы союзунун мүчөсү болуп турат, бул Ирландия менен чек арасын ачык калтырышынын эсебинен болот. Эгерде тараптар 21 айдын ичинде т.а. 2020-жылдын 31-декабрына чейин жаңы соода келишимин түзө алышпаса, анда өткөөл мезгилдин мөөнөтү узартылат.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…