Трамп нефть баасын түшүргөнү үчүн Саудияга ыраазылык билдирди

Трамп нефть баасын түшүргөнү үчүн Саудияга ыраазылык билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп нефть баасын түшүргөнү үчүн Саудияга ыраазылык билдирди. Трамптын айтышынча, Саудиянын аракеттери себептүү нефтинин баасы 82 доллардан 54 долларга түшкөн.

Трамп 21-ноябрда журналисттерге берген интервьюсунда Саудия менен кызматташтык жөнүндө сөз кылып: “Мен үчүн Америка биринчи орунда турат. Биз аскерий буйрутмалар үчүн жүз миллиарддаган доллардан баш тартпайбыз, эгерде Саудиядан баш тартсак, бул Россия жана Кытай үчүн белек болот. Саудия менен алаканы буза турган болсок, нефтинин баасы көтөрүлүп кетет. Мен аларды кармап турам. Алар бизге нефтини арзан баада кармап турууга жардам берип жатышат. Мен нефть мындан да арзаныраак болушун каалайм”, – деди.

Буга чейин АКШ Конгресси журналист Жамал Хашогжи өлтүрүлгөндөн кийин Саудияга карата күчтүүрөөк жаза-чараларды колдонууну сунуштаган. Бирок, Трамп Вашингтон жетиштүү жаза-чараларды колдонгонун айтып, сунушту четке каккан.

АКШ 16-ноябрда журналист Жамал Хашогжини өлтүрүүгө катышкандыкта шектелип жаткан саудиялык 17 жаранга карата экономикалык санкцияларды киргизген. Алардын арасында мураскор шахзада Мухаммад бин Салмандын жардамчылары Сауд ал Кахтани жана Махир Мутриб да бар. АКШ Кахтани Хашогжини өлтүрүү планынын башында тургандардын бири болгон деп күмөн кылууда.

Санкция киргизилген адамдардын АКШдагы байлыктары тоңдурулат жана АКШ жарандарынын алар менен кызматташуусуна тыюу салынат.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

18 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

21 hours ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago