Россиянын Тажикстандагы базасындагы аскерий кызмат күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү
Тажикстандагы Россиянын аскерий базасы күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган базанын командачысынын жардамчысы Владимир Александров билдирди. Александровдун билдиришинче, «Ислам мамлекети» уюмуна тиешелүү экендиги айтылып жаткан бир топ согушкерлер “Тажикстанда террордук чабуулду ишке ашырууга даярдык көргөн” деп шектелип, кармалгандыгы жөнүндөгү кабардан кийин Тажикстандагы Россиянын базасындагы аскерий тартип күчөтүлгөн режимге өткөн.
“Спутник” маалымат агенттигине интервью берген командачы “Биз азыркыга чейин Тажикстан коопсуздук кызматынан эч кандай маалымат ала албадык, бирок, интернеттеги маалыматтарды көргөндөн кийин аскерий базанын командачылыгынан күчөтүлгөн режимге өтүү боюнча буйрук келди”, – деген.
Кийинчерээк Тажикстан Улуттук коопсуздук комитетине караштуу булактын «Спутник» сайтына билдиришинче, Тажикстан коопсуздук кызматы орус аскерий окуу жайында жана аскерий базасында террордук чабуулдарды уюштуруу үчүн даярдык көрүп жаткандыкта шектелген 12 адамдан турган кылмыштуу топ кармалган.
Улуттук коопсуздук комитети: “12 адамдан турган кылмыштуу топ “Ислам мамлекети” уюмунун көрсөтмөсү негизинде Россиянын 201-аскерий базасына жана Душанбедеги РФ коргоо министрлигине караштуу аскерий окуу жайга террордук чабуулдарды ишке ашырмакчы болушкан”, – деп кабарлады.
Булактын билдиришинче, “террор”чу топтун мүчөлөрү Душанбе шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндө чогулган учурда кармалышкан.
Туркистон:
12 адам бүтүндөй бир дивизиянын жүрөк үшүн алып, аны ичинен жардырып жиберүү менен коркутуп койсо, анда бул армия Тажикстанды кантип коргой алат? Ал өзүн-өзү коргой албай ызы-чууга түшүп, Тажикстан коопсуздук комитетинин коргоосуна муктаж болуп жатса!!!
201-дивизия 1945-жылы Борбор Азияны Афганистан тараптан коргоо максатында Тажикстанга көчүрүлгөн. СССР кулагандан кийин да, регионду ушул тараптан коргоо максатында Россиянын аскерий базасы болуп сакталып калды. Акыркы кездерде Россия бул аскерий базасы аркылуу региондогу саясий жана аскерий кызыкчылыктарын коргомокчу болууда. Ал Тажикстанга аскерий басым өткөрүү менен жасалма коркунучтарды уюштуруп, регионду коркутуп, Борбор Азиядагы колдон чыгып бара жаткан кызыкчылыктарын АКШ жана Кытайдан сактап калмакчы болууда. “Талибан” менен сүйлөшүүлөрдү уюштуруу аракеттери, аларды куралдантууга болгон жашыруун аракеттери о.э. “ИШИМ” жөнүндөгү жасалма ызы-чууларды таратып жаткан маалыматтык чабуулдары ушулар түркүмүнөн.
Тажикстандын Россияга көзкаранды манкурт элитасы да, орустун бул ыплас фитналарына жардам берип келет. Өзүнүн жарандары болгон бейкүнөө мусулмандарды жалган жалаа менен камакка алып, орусту ыраазы кылуу максатында Аллахка күнөөкөр болуп жатышат! Кыргызстан жана Өзбекстандагы бийликтин абалы да кудум ушундай!
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…