Макрон: Европа чоң күчтөрдүн оюнчугу болбошу керек
Согуштун курмандыктарын эскерүү күнүнө байланыштуу Германияга сапар менен барган Франциянын президенти Эммануэль Макрон немец парламентинде баяндама жасады. Ал өз сөзүндө Франция-Германия ортосундагы алакаларды күчөтүү керектигин билдирип, Европа чоң күчтөргө көзкаранды болуп калбашы керектигине көңүлдү бурду.
“Европа улуу мамлекеттердин оюнчугуна айланышы мүмкүн эмес”, “Европанын мойнунда дүйнөдөгү тартипсиздиктин алдын алуу милдети бар”, – деди Макрон.
Европа Союзун күчөтүүнү каалай тургандыгын билдирген Макрон сентябрь айынын аягында берген билдирүүсүндө, Европанын коргонуу кудуретин жаратуу, коопсуздук жана “терроризм”ге каршы күрөшүү тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү максаты бар экендигин айткан эле.
Макрон немец депутаттары алдындагы сөзүн улантып, чыныгы күч биримдикте экендигине басым жасады.
Макрон: “Бизди токтотууга аракет кылып жаткан көптөгөн күчтөр бар. Алар сүйлөшүүлөрүбүзгө аралашып, либерал демократиябызга чабуул кылууда жана бизди бири-бирибизге каршы коюуга аракет кылышууда. Ушул глобалдык тартипте биздин чыныгы күчүбүз биримдиктен келип чыгышын билишибиз керек”, – деди.
Макрондун сөзүн “тыянаксыз баяндама” деп баалаган Германиянын канцлери болсо, немец-француз кызматташтыгы Европа контекстинде маанилүү экендигин баса белгиледи.
“Биз бир кесилиште турганыбызды айттыңыз. Мен да дал ошону көрүп турам. Согуштан кийин төрөлгөн муундар биз алган өрнөктөн жоопкер”, – деди Меркел.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…