“Талибан” афган өкмөтү менен тынчтык боюнча сүйлөшүүгө даяр эмес

“Талибан” афган өкмөтү менен тынчтык боюнча сүйлөшүүгө даяр эмес

 “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Афганистан менен түз сүйлөшүүгө киришүүнү каалашпайт. Москвада Афганистан маселеси боюнча өткөрүлгөн жыйынга катышкан “Талибан” делегациясынын өкүлү Мухаммад Аббас Станикзай тынчтык боюнча сүйлөшүүлөр АКШ менен гана өткөрүлүшүн билдирди. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

 Станикзай Москвадагы жыйындын соңунда журналисттерге берген интервьюсунда: “Бул конференция түз сүйлөшүүлөр маселесинде эмес”, – деген.

 Станикзай: “Биз Афганистандагы азыркы өкмөттү мыйзамдуу деп тааныбайбыз. Ошондуктан, биз алар менен түз сүйлөшүү өткөрбөйбүз. Ал тургай, расмий Кабул бул конференцияга өкүлүн жөнөтпөдү… Биз америкалыктар менен тынчтык сүйлөшүүлөрүндө биринчи кезекте өлкө аймагынан чет өлкөлүк аскерлерди алып чыгып кетүүнү талап кылабыз ”,- деди.

 “Талибан”дын өкүлү, Москва форматы ийгиликтүү өткөнү о.э. бул жолугушууда талиптер менен пикирлеш тараптардын позициялары белгилүү болгону жөнүндө айтты.

 Ал: “Биз Россияга бул чакыруусу үчүн ыраазылык билдиребиз жана бул иш-чара акыркысы эместигинен үмүттөнөбүз”, – деди.

Туркистон:

Москва “Талибан” менен расмий өкмөттүн ортосун оңдоого аракет кылып жаткан жок! Тескерисинче, Россиянын Афганистанга карата жалпы стратегиясы «Талибан» менен АКШнын жана анын өкүлү болуп эсептелген афган өкмөтүнүн ортосундагы карама-каршылыкты күчөтүүгө каратылган. Ушул көз караштан алганда, Россия сүйлөшүүдөн кандайдыр пайда көрдү десек туура болот.

Афганистанда туруктуулук АКШ менен «Талибан» ортосундагы келишимге көз каранды болуп, бул келишимге жетүү максатында афган өкмөтү, Өзбекстан, Пакистан жана башка бир катар саясий күчтөр аракет кылышууда. Россия да сүйлөшүүлөрдү “туруктуулук, афган калкынын тынчтыгына, жыргалчылыгына жетүү” деген ураандар менен баштады. Бирок, анын максаты айтып жаткан сөздөрүнүн тескериси болуп, региондо кырдаалды курчутуу менен согуш отун тутантуу. Россия афган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын өкүлдөрүн өткөн жылы да сүйлөшүүгө чакырган эле. Анда да расмий Кабул сүйлөшүүдөн баш тарткан. Бул жолу да Кабул өкмөтүнүн катышпастыгы белгилүү болушуна карабастан, атайылап “Талибан”ды расмий өкмөткө жана АКШга каршы багыттоого аракет кылды.

Афганистанда тынчтык орношу, башкача айтканда, талиптердин АКШ менен кызматташууга ыраазы болушу, Борбор Азияны Россиянын таасири астынан чыгарып жиберет. АКШ “Талибан”ды транзиттик коридордон түшкөн каражат менен байытып жиберет. Бул аркылуу АКШ бир нече кызыкчылыктарга ээ болмок. 1) “Талибан”дын исламий мухитин бузуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. 2) Борбор Азияны өз таасири астына алып, Россиянын ал жердеги таасирин алсыратууга өтө чоң мүмкүнчүлүк пайда кылат. 3) Афганистанды толук көзөмөлүнө алат. “Талибан”дын бүгүнкү абалы, бир кездерде Тажикистандагы Абдуллах Нури башчылыгындагы мужахиддердин башына түшкөн абалды эске салат. Алар да расмий сүйлөшүүлөр менен алагды болуп, бийлик менен расмий келишим түзүп, өкүм иштеринде кызматташа баштаганда кыйроого учурашкан эле.

turkistonkg

Recent Posts

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 hours ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

4 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago