БУУ Ямандагы аянычтуу абалды тилге алды
Ямандагы (Йемен) мусулмандардын абалы күндөн-күнгө оорлошуп барууда. АКШнын саясий кызыкчылыктары үчүн бүтүндөй бир мамлекет ырайымсыздык менен жок кылынууда. Саудия башчылыгындагы коалиция ишке ашырган бомбалоонун натыйжасында мамлекеттик инфраструктура бүтүндөй талкаланган жерлерде жугуштуу оорулар күчөп кеткен. Ал жерлерде таза суу табуу өтө кыйын.
БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСEФ) Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча директору Хайрат Калабари Иорданиянын борбору Амманда уюштурулган маалымат жыйынында Яманда зомбулуктар болуп жатканын моюнга алды. Калабаринин айтымында, өлкөдөгү саламаттыкты сактоо шарттары аябай начар абалда калган.
“Яман бүгүнкү күндө жаш балдар үчүн тозокко айланды”, “Алдын алуу мүмкүн болгон оорулар себептүү Яманда ар бир 10 мүнөттө бирден бала каза болууда”, – деди Калабари.
Калабаринин билдиришинче, мамлекеттин белгилүү бир бөлүгүндө эмес, бардык жеринде абал ушундай. Ырайымсыз согуш себептүү 1,8 миллион бала тоюп тамактана албайт. Ал балдардын дээрлик 400 миңи өлүм алдында турат.
Ал: “Жыл сайын 5 жашка чейинки 30 миң бала каза болууда. Ачарчылык проблемасын чечүү аркылуу бул балдарды өлүмдөн сактап калууга болот”, – деди.
Калабари ачкачылык себептүү өлүм алдында жаткан балдардын 40 пайызы Саудия башчылыгындагы коалиция тынымсыз бомбалаган Худайда шаарында жашап жаткандыгын билдирди.
О.э. Яманда согушуп жаткан тараптарды гуманитардык жардамды эч кандай шарт койбостон жеткирип берүүгө жана калкты коргоого чакырды.
Туркистон:
Яман түндүктөн Саудия, түштүктөн Индия океаны менен чектеш болгон араб өлкөсү. Анын географиялык жайгашуусу ар кандай мамлекет суктанууга арзый турган ыңгайлуу шартта жайгашкан. Дини Ислам болгондуктан, дүйнөдө эң бир молчулукта жашаган бай мамлекет болгон сауддар алардын боордоштору болуп эсептелет. Түштүк тарабы болсо дүйнөдөгү транспорттордун эң ыңгайлуу жана арзаны болуп эсептелген суу жолдоруна ыңгайлуу. Бул мамлекет жакыр болушу мүмкүн эмес! Демек, Яман тышкы күчтөрдүн таасири астында жасалма экономикалык каатчылыкка дуушар кылынууда!
Яман дээрлик сауддардын колониясы болуп, сауддар ага эл аралык саясаттын жетекчиси болуп турган АКШнын кызыкчылыгы үчүн басым өткөрүп келет. АКШнын уруксаты менен аны бомбалап, жүздөгөн балдардын өлүмүнө себеп болду! Бирок, анын бул аракети АКШ менен келишилген операция болгондуктан, эл аралык уюмдар бат эле унутуп коюшту. Учурда Яман калкын экономикалык блокада аркылуу о.э. кандайдыр ооруларды жайылтуучу куралдар аркылуу (геноцид) кыргын кылып жатат. Бул иштердин үстүндө сауддардын королу Салман ибн Абдул Азиз жана анын канкор уулу Мухаммад ибн Салман турат! Алар Яманды өз таасири астында сактап калуу максатында ушул кыргынды улантып жатышат! Ушул күнгө чейин, бирер мамлекеттин же эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү Ямандын абалынан кабар алышпады! Аларды мындай кайдыгерликке АКШ гана мажбурлай алат. АКШ болсо сауддарды чүлүктөп алуу максатында Ямандын тагдырын аларга тапшырып койду!!!
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…