Трамп: Карызыбызды 6 жылдын ичинде төлөйбүз
АКШ президенти Дональд Трамп күтүүсүздөн “сюрприз” билдирүү менен чыкты. Анын билдиришинче, өзүнүн экинчи президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин АКШ өтө чоң өлчөмдөгү карызын төлөп бүтөт.
Американын “The Hill” гезитинин жазышынча, АКШ президенти бул тууралуу “Америка Кошмо Штаттарында жаңы жумушчу орундарды түзүүгө” арналган иш-чарада айткан.
Дональд Трамп АКШнын 20 триллион доллардан ашык мамлекеттик карызын кыска убакытта төлөө тууралуу айтышына караганда, демек, ал жогорудагы билдирүүсү менен президенттик шайлоодо экинчи жолу жеңишке жетишине ишара кылууда.
2018-жылы АКШнын мамлекеттик карызы 1,2 триллионго көбөйүп, рекорддук деңгээлге, башкача айтканда, 21,5 триллион долларга жеткен.
Трамптын бул убадасы экономист адистердин көз карашына тескери келет. Себеби, адистер АКШ бюджетинин дефицити күндөн-күнгө көбөйүп барышы күтүлүп жаткандыгын айтышууда. Адистердин билдиришинче, өкмөттүн чыгымдары өсүшүнүн натыйжасында 2020-жылы АКШ бюджетинин дефицити бир триллион долларга жетет.
Туркистон:
АКШнын тышкы карызы, жалпы карыздын 5% дан азыраак бөлүгүн түзөт. Анын негизги карызы ички кредиторлордон (капиталисттерден). Т.а. АКШ капиталисттик мамлекет экенин эсепке алсак, ал өзүнөн өзү карыз.
Капитализм системасында мамлекетти капиталисттер башкарат. Т.а. ички дүң продукциянын жана тышкы улуттук продукциянын салмактуу бөлүгү ошол капиталисттерге тиешелүү. О.э. бардык мамлекеттик жана жеке менчик сектордогу киреше алып келүүчү (оор жана жеңил өнөржай о.э. тейлөө) тармактар да алар тарабынан каржыланат. Демек, каржылык системаны каражат аркылуу өз колуна алган капиталисттер, мамлекеттин бардык тармагындагы кызыкчылыктарды көзөмөлдөй алат. Капиталисттик системада мамлекеттик мүлк өтө алсыз болгондуктан, мамлекет да ошол капиталисттердин каржылык колдоосуна муктаж болуп калат. АКШнын мамлекеттик карызы ички дүң продукциянын 100% ына жеткенин эсепке алсак, мамлекет алардын мүлкү болуп калган деп эсептесе болот! Аныгыраагы, капиталисттер мамлекетти ушундай көрүнүштө калыптандырып алышат.
Демек, Трамптын билдирүүсү АКШ башкаруу системасынын аянычтуу абалына ишара кылат. Бул болсо, АКШ капиталисттер колунда экендигин жана мамлекет алардын ички жана тышкы саясаттагы расмий фигурасы экендигин түшүндүрөт. Бул абал капиталисттик системанын табигый кулоо жараяны болуп, мамлекеттин мүлкү бир нече адамдын колунда топтолуп калат. Мамлекеттин таасир кубаты жоголуп, мыйзамдар жетекчи капиталисттер кызыкчылыгына багыттала берет. Жарандар ортосундагы экономикалык система жараксыз болуп калат. АКШ капитализмдин мына ушул табигый кризисинин чегине келип, кулап кетүүнүн астында турат. Бирок, ал канчалык аракет кылбасын, капитализм түзүмүнүн табигый кризисинен кутула албайт. Ал кризистин убактысын бир аз жылдырмакчы болууда, бирок дүйнө системасын эмес. Көңүл буруңуз, АКШ жалаң гана өзүн куткаруу жөнүндө ойлонуп жатат.
Трамп АКШнын дүйнөдөгү чыгымдарын азайтууга каратылган стратегиясын ишке ашырууда. Ал жетекчи мамлекет катары мойнуна алган милдеттерден баш тарта баштады. Эл аралык саясий жана аскерий уюмдарга жумшала турган каражаттарды да башка мамлекеттердин мойнуна жүктөмөкчү болууда. Трамтын “карыздардан кутулушубуз керек” деген сөзү да ушул стратегиясын колдоо максатындагы билдирүү болду.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…