Кытай өкмөтү мусулман туткундарды ички органдарын алуу үчүн өлтүрүүдө
Кытайлыктардан кимдир бирөөгө адамдын ички органы керек болуп калса, ошол күнү ооруканада жаткан же камакта болгон мусулман уйгур туткундардын бири анык каза болот. Доктор Анвар Тохти Үрүмчүдөгү бир ооруканада хирург болуп иштеп жаткан учурда уйгур туткундардын ички органдарын алуу менен алектенген адамдардын бири.
“Epoch Times” гезитине интервью берген мурдагы уйгур хирург 1995-жылы күчүнө кирген токтомго ылайык, Кытайдын Уйгур аймагындагы «Кайра тарбиялоо» лагерлеринде камалган уйгурлардын ички органдары операция жолу менен алынышын, ал органдар мамлекеттик казынага киреше алып келүү үчүн сатылышын о.э. бул нерсе көптөн бери Кытай компартиясы тарабынан ишке ашырылып келгендигин билдирди. Анвар Тохти 23 жыл мурда иштеген ооруканада душман катары эсептелген уйгур туткундардын боор жана бөйрөктөрү башкы хиррургдун буйругу менен алынышын жана анын өзү да ушундай буйрукту аткарууга мажбур болгондугун билдирди.
Пекиндин репрессивдик саясаты жөнүндө сөз кылган Тохти Кытайда мусулмандардын ички органдарын сатуу иштери уланып жатканын билдирди. Анын айтымында, Кытайда мусулмандардын ички органдарын уурдап сатуу адаттагы иш болуп, көптөгөн жылдардан бери уланып келет.
“Кытай өкмөтүнө адамдын ички органдары үчүн талап болгондо, же ички орган сатуу үчүн зарылдык болгондо ошол эле күнү бир уйгур туткун өлтүрүлүп, ички органдары алынат”, – деди доктор Тохти.
Ата-энесинен кабар алуу үчүн Уйгурстанга барары менен камакка алынып, Кытай концлагеринде жети ай жаткандан кийин, Казакстан жараны болгону үчүн казак өкмөтүнүн аралашуусу менен эркиндикке чыккан 54 жаштагы Умар Бекаил “Epoch Times” гезитине Кытай лагеринде көргөндөрүн айтып берди.
“Пекин бийлиги лагерде камалган туткундарды эки топко бөлөт. Биринчиси, чет өлкөдө туугандары барлар. Экинчиси болсо, чет өлкөдө туугандары жоктор. Абак кызматкерлери ушул топторго карай туткундардын ички органдарын уурдашат. Алар ички органдарды сатууну ушундай көрүнүштө ишке ашырышат. Башкача айтканда,чет өлкөдө туугандары болбогон туткундарды ички органын алуу үчүн өлтүрүшөт” – деди Бекаил.
Бекаил тирүү бойдон кээ бир ички органдары алып коюлган мусулмандарды тааный тургандыгын, а бирок, алардын коопсуздугу үчүн кимдер экендигин айта албастыгын билдирди.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…