Терроризм жана экстремизм жөнүндөгү суроого жооп

Терроризм жана экстремизм жөнүндөгү суроого жооп

Суроо: “Терроризм, экстремизм” деген түшүнүктөр жөнүндө кеңири маалымат бере аласызбы? Учурда мамлекеттер ушул коркунучтарды күчөтүп жатышат. Шарият боюнча “Исламий экстремизм, терроризм” болушу мүмкүнбү? Мусулмандар буларга кандай мамиледе болушу керек? Жооп үчүн алдын ала рахмат.

Жооп: “Терроризм, экстремизм” түшүнүктөрү латын тилинен алынган куфр атамалары болуп, терминдик мааниде негизинен Ислам жана мусулмандарга каршы колдонулат. Куфр дүйнөсүнүн өзү азыркыга чейин бул терминдер боюнча анык бир маани айта алган эмес. Т.а. вакиъге ылайык, саясий абалга, исламий мабдаъий даъваттын жүрүшүнө, мусулмандардардын исламдашып саясатташып баруу деңгээлине карай өзгөрүп, өнүгүп о.э. жаңы маанилерди камтып бара берет. Бул терминдер коомдорго зомбулуктун алдын алуу үчүн калыс ниет менен киргизилген эмес! Тескерисинче, Ислам жана мусулмандарга каршы, куфр башкаруу системасынын үстүбүздө өкүм сүрүү мөөнөтүн мүмкүн болушунча узартуу максатында ойлоп табылган!

Бир зомбулук же массалык кыргын мусулмандар тарабынан ишке ашырылса, ал “террор” деп бааланат. Кудум ушундай эле, же андан да чоңураак кыргын куфр мамлекети, куфр уюму же кафир адам тарабынан ишке ашырылганда, “террорго каршы же анын алдын алуу максатындагы операция” деп аташат. Негизи, алар “терроризм – бул жай тургундарга каршы материалдык же моралдык зомбулук” дегендей аныктамаларды беришет. Кээде бул массалык кыргындарга “катардагы эле кылмыш” деген баа беришет. Мисалы, Сириядагы жүз миңдеген жай тургундардын өлүмүнө себеп болгон Россиянын кыргынына, ашып кетсе, “аскерий кылмыш” деген баа беришет. Ошол эле Сириядагы исламий согушкерлердин өз калкы, мекени жана жакындарын коргоп жатып, куфр армиясына каршы аракеттерин “Террор” деп аташат! Негизи, мужахиддер жалаң гана аскерий бирикмелерге каршы согушуп жатышат.

“Экстремизм” да кудум эле “терроризм” сыяктуу. Ал да исламий мабдаъий башкаруу системасына каршы багытталган. Бул термин да куфр дүйнөсү тарабынан Ислам жана мусулмандарга каршы багытталган. Т.а. мусулмандарды коомдо өз ишенимине ылайык жашоо таризин тынч жана мыйзамдуу жол менен талап кылуу укугунан ажыратуу максатында ойлоп табылган. Алар “экстремизм”ге, учурдагы бийликтен жетекчиликти мыйзамсыз жолдор менен тартып алуу же ушуга аракет кылуу” дегендей аныктама беришет. Бирок, иш жүзүндө, бийликтер алар айтып жаткандай мыйзамсыз жолдор менен тартып алынат. Мисалы, Кыргызстандагы бийлик эки жолу алардын термини менен айтканда “экстремисттик” жол менен тартып алынды. Эки жолу тең эл аралык саясат бул кылмышка карата эч кандай мамиле билдирбеди жана кызматташууну уланта берди. Ушундан келип чыгып айтарыбыз, “экстремизм” термини – Исламдын мабдаъ катары (дүйнөнү башкара ала турган түзүм катары) турмушка кайтып келишинин алдын алуу максатында ойлоп табылган куфр атамасы!

Демек, “терроризм, экстремизм” терминдери белгилүү максатта Ислам жана мусулмандарга каршы ойлоп табылган атама болуп, мусулмандар бул терминдерден пайдаланышы жакшы эмес! Бул терминдерди, өзүбүзгө жакпаган согушкерлерге, же мусулман адамдарга, ал тургай кафирлерге карата да колдонушубуз мүмкүн эмес. Себеби, бул терминдердин коомдо өнүгүп барышынын өзү куфрга пайда алып келет.

Бир кырдаалга баа берип жатып, мүмкүн болушунча исламий терминдерден пайдаланышыбыз керек. Себеби, исламий терминдер – исламий баалуулуктардан о.э. шаръий өкүмдөрдөн келип чыккан атамалар. Бул терминдердин коомго кирип келиши менен Ислам да коомго кирип келе жаткан болот. Мунун тескерисинче, куфр терминдеринин кеңири жайылып барышы менен коомдо куфр бекемделип бара жаткан болот. Мусулман адам Аллахтан таква кылса, “вахабист, радикал, террорист, экстремист……” сыяктуу куфр терминдерин колдонуу менен куфрга пайда келтирүүдөн сактансын!

Абдураззак.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago