Сирия калкы Түркия армиясына кайрылуу жолдоду

Сирия калкы Түркия армиясына кайрылуу жолдоду

Сирия калкы жана бир топ жетекчилер Сириядагы Түркия көзөмөл пунктунун жанына келип, ал жердеги Түркия армиясына кайрылуу жолдошту. Сирия калкынын талаптары жазылган кайрылууда төмөнкүдөй келген:

Бисмиллахир Рохманир Рохим.

Биз Сирия калкы жана бир топ жетекчилер катары сиздерге кайрылуу жолдоп жатабыз. Кайрылуубузга көңүл бурасыңар деген үмүттөбүз. Биз бул кайрылуубузда сидерге айрым нерселерди эскертип өтөбүз.

Астана келишимине ылайык орустар менен биргеликте өлкөбүзгө кирдиңер. Орустар Асад режими тарабында турган бир учурда, силер биз тарапта болгондой түр көрсөттүңөр. Андан соң, орустар аскерий самолёттору менен бизге чабуул кылгандыгына жана Асад режимин күчөтүү үчүн өлкөбүздө бизге каршы согушканына күбө болдук. А бирок, силер орустардын жана режимдин чабуулдарына шарт түзгөн “көзөмөлчү” ролуңардан башка эч нерсе кылбадыңар. Биздин аракет майданыбызды чектеп койдуңар. Оппозициялык топтордун Асад режимине каршы аракет кылышына өкмөтүңөр уруксат бербеди. Куралдардын бизге жетип келишине тоскоолдук кылдыңар. Булар жетишпегендей, өкмөтүңөрдүн Сочи келишимин түзүшү, оор куралдарды артка кайтарып, көзөмөл пункттарын мужахиддерден тазалашы, залим режимге жолдорду ачып, аны кайрадан жандандырышы о.э. Идлибди бөлүктөргө бөлүү жаатындагы ниети бизди дагы бир жолу таң калтырды. Аллах үчүн айткылачы, эмне үчүн мындай кылып жатасыңар? Мусулман боордошторубуз жана кошунабыз болуп туруп, эмне үчүн бизге каршы позицияны карманып жатасыңар? Канкор Асад режими, Россия жана Иран ишке ашырган кылмыштар натыйжасында төгүлгөн кандарды, тебеленген намыстарды жана өлкөбүздү үзгүлтүксүз кыйратып жаткан чабуулдарды эмне үчүн көрмөксөн болуп жатасыңар? Биздин башыбызга түшкөн күндөрдөн Түркиядагы мусулмандардын ачууланышы кайда калды? Өкмөтүңөр акыйкат жолду таба албай калдыбы? Ал Россия жана Америка менен биргеликте аракет кылууну пайдалуу деп ойлой баштады. Өкмөтүңөр эмне үчүн тар көз караш менен аракет кылууда? Силердин бул жолуңар туура жол эмес. Эгерде бул жолду уланта берсеңер жана позицияңарды өзгөртпөсөңөр, силерди Аллахтын каарынан, элиңердин ачуусунан жана Ислам үммөтүнүн жек көрүүсүнөн эскертебиз. Билип койгула, өкмөтүңөрдүн бул позициялардан көздөгөн максаты ынкылапты жок кылуу жана адамдарга, намыстарга каршы кылмыш кылуудан баш тартпай турган Асад режимине бизди тапшыруу. Ошондуктан, бул келишимди четке кагабыз жана силерди бул келишимди аткаруудан тыйылууга чакырабыз. Антпесе, биздин назарыбызда Асад режиминен эч кандай айырмасыз болуп каласыңар.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago