Холикназар: Эң негизги маселе региондо экстремизмге каршы күрөшүү
29-октябрь күнү Ташкентте Борбор Азия эксперттеринин алгачкы форуму болуп өттү.
Тажикстан президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Худоберди Холикназар Борбор Азия эксперттери форуму тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлады.
Тажикстандык эксперттин айтышынча, мамлекеттердин стратегиялык изилдөө борборлору – эки тараптуу мамилелер, айрыкча транспорт, суу энергетика жана чек ара көйгөлөрү боюнча сунуштарды даярдап, эксперттер жыйынында талкууланат.
Эксперттер деңгээлинде талкууланган маселелер боюнча тийиштүү сунуштар даярдалып, өкмөткө сунушталат. Өкмөт бул сунуштар негизинде маселелерди тартипке салуу боюнча иш-чараларды белгилейт.
Эксперттер форумунун күн тартибиндеги эң негизги маселе – региондо коопсуздукту камсыздоо, диний экстремизм коркунучтарына каршы күрөшүү. Ушул багыттар боюнча ар бир мамлекеттин өз тажрыйбасы бар. Эксперттин айтымында, жаштар диний экстремисттердин таасирине түшүп калышынын алдын алуу зарыл.
Худоберди Холикназар диний идеологиянын маани-маңызы, экстремизм идеяларына каршы күрөшүү маселелери боюнча китеп даярдаганын билдирди. Ал китепте экстремизмдин негизги коркунучтары келтирилген.
“Диний экстремисттер бардык мусулман мамлекеттердин суверенитети жана эгемендүүлүгүнө каршы чыгышат. Бардык мусулман мамлекеттерди бир халифатка бириктирүүгө жана алардын улуттук маданияттарын жок кылууга аракет кылышат”, – деди Худойберди Холикназар.
Иш-чара Өзбекстан президентинин алдындагы стратегиялык жана региондор аралык изилдөөлөр институту Борбор Азия үчүн Превентивдик дипломатия боюнча БУУнун аймактык борбору кызматташтыгында уюштурулду.
Туркистон:
Россия президенти В. Путин федералдык коопсуздук жыйынында сүйлөгөн сөзүндө: “ФСБ “экстремизм”ге каршы күрөштө, улуттук коопсуздук комитети менен паралель иш алып барып, коопсуздукту камсыздоодо чечүүчү рол ойношу керек”, – деди.
Борбор Азия өлкөлөрү да Россияга паралель көрүнүштө, коопсуздук маселесин бардык тармактардан үстөм коюу стратегиясына ылайыкташып барууда. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү саясатчылар россиячыл саясий чөйрөнүн (элита) таасири астында. Алар Россиянын саясий жана экономикалык таасир өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн дагы деле коркушат.Россияда 1999-жылы Путин жана Патрушев башчылыгында бир катар теракттар уюштурулганы бул элитанын эсинен чыга элек! Ошол кезде Россия Путиндин колунан чыгып бара жаткан эле.
Эми Борбор Азия анын таасиринен чыгып барууда! Учурда Борбор Азияны өз таасири астында кармап калуу маселеси негизги темага айланды. Демек, Путиндин эски ыкмасы өзгөргөн жок! Ал Орто Азия регионун кармап калуу максатында дагы кайрадан жардыруу иштерин баштамакчы болууда!
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…