Төрт мамлекеттин башчылары Идлибде узак мөөнөттүү тынчтыкты сактоо милдетин мойнуна алышты

Төрт мамлекеттин башчылары Идлибде узак мөөнөттүү тынчтыкты сактоо милдетин мойнуна алышты

Түркиянын Стамбул шаарында Түркия, Франция, Германия жана Россиянын өлкө башчыларынын катышуусунда Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча төрт тараптуу сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Саммиттин соңунда уюштурулган маалымат жыйынында, РФ президенти Владимир Путин эгерде согушкерлер провокация кылууну улантса, Россия Идлибде террорчуларды жок кылуу үчүн Сирия аскерлерине жардам берүү укугун сактап кала тургандыгын билдирди.

РФ президенти:“Сирияда зомбулук деңгээли азайганына карабастан, ал жердеги радикалдык элементтерди биротоло жок кылуу маанилүү милдет болуп эсептелет… Москва Идлибден куралсыздандырылган оппозиция мүчөлөрүн Түркия мүмкүн болушунча тезирээк алып чыгып кетишинен үмүттөнүүдө” ”, – деди.

Путиндин билдиришинче, Стамбул жолугушуусунун катышуучулары негизги маселеде бир пикирде. Башкача айтканда, Сирияда узак мөөнөттүү тынчтыкка саясий жана дипломатиялык жолдор аркылуу гана жетишүүгө болот. Путин бул абалда мамлекеттин келечегин сириялыктар өздөрү чечиши керектигин айтып өттү.

Путин кесиптештеринен Россиянын сириялык качкындар маселесине арналган эл аралык конференция өткөрүү демилгесин колдоп-кубаттоону суранып: “Биз бул эмнелерге байланыштуу экендигин, проблеманын маанисин түшүнүп турабыз, бирок биргеликте иштебесек натыйжага жетише албайбыз”, – деди.

Түркия президенти Режеп Эрдоган Европа Союзу сириялык качкындарга жардам берүү боюнча мойнуна алган милдеттенмени аткарышы керектигин баса белгиледи.

 “Сириялык качкындарга жумшалган 33 миллиард доллардык каражат биз аларга жардам берүүгө даяр экендигибизди көрсөтөт, биздин мамлекетте үч миллион качкын бар”, – деди Түркия президенти.

О.э. ал Европа мамлекеттерин Сирияга берилүүчү каржылык жардамды көбөйтүүгө чакырып, президент Башар Асаддын жана мамлекеттин тагдырын Сирия калкы чечиши керектигин айтып өттү.

Мындан тышкары, Эрдоган Сириядагы согушкерлердин Түркия чек араларын көздөй жүрүшүнө чыдай албастыгын айтып, согушкерлерге каршы күрөш улана тургандыгын убада кылды.

 “Сириядагы абалды жөнгө салуу үчүн баары күрөшүүсү керек. Биз жогорудагы саммитте буга жакшы түрткү бердик деп ойлоймун. Башка мамлекеттерди ушул иш-аракеттерди колдоп-кубаттоого чакырам”, – деди Эрдоган.

Франция президенти Эммануэль Макрон Сириядагы саясий түзүм Сирия калкынын иши экендигин, шайлоо үчүн шарт түзүүдө аларга жардам берүү керектигин билдирди.

О.э. Идлибде аскерий операция өткөрүүгө болбостугун айтып, мындай иш-аракет качкындардын жаңы агымын пайда кылышын айтты.

Ошол эле учурда, эң негизги милдет Сирияда террорчулукка каршы күрөшүү экендигин эске салды.

Ал: “Мамлекеттерибизге чабуул кылып жаткан жана адамдардын өлүмүнө себеп болуучу теракттарды уюштуруп жаткан согушкерлерге каршы согуш болуп жатат”, – деди.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Германия, Франция, Түркия жана Россиянын жетекчилери Идлибде узак мөөнөттүү тынчтык келишимин сактоо милдетин моюнга алышканын билдирди.

 Меркел: “Кезектеги гумантитардык кырсыктар жүз бербеши үчүн бардык ишти аткаруу боюнча милдеттенмелер бар. Түркия жана Россия 17-сентябрь күнү Идлибде тынчтыкка жетишүү боюнча келишип алганы жакшы жаңылык болду. Биз бүгүн бул келишим күчтүү жана узак мөөнөттүү келишимге айланышы үчүн колубуздан келген бардык ишти кылуу милдетин моюнга алдык”, – деди.

Туркистон:

Жогорудагы эки жүздүү мамлекет башчылары “Сириянын саясий проблемасын Сирия жарандарынын өздөрү чечиши керек” деген сөздү айтып жатышат. Бирок, Сирия калкы исламий турмушту тандаганы үчүн алардын башына бүгүнкү күндөгү абалды салышты. Куфрдун бүгүнкү күнгө чейин ишке ашырган кыргындары мусулмандардын мабдаъий пикир-туйгуларын алсырата албады. Тескерисинче, куфрга болгон душмандык күчөп барышы, алардагы исламий туйгуларды жогорку чекитке алып чыкты. Куфр дүйнөсүн бириктирип турган бирден-бир робита (байламта)  –  бул исламий мабдаий пикир жана куфрга карата исламий душмандыктын күчөп бара жатканы!

 Куфр системасы Сирия жарандарынын ыктыяры куфрга кайтмайынча ыраазы болушпайт! Мындан тышкары, куфр жетекчилеринин ар биринин региондо өз кызыкчылыктары бар. Булар да өз максаттарына жетүү жолунда ар кандай ыпылас иштерден кайра тартышпайт! Булардын максаттары айтып жаткан сөздөрүнө тескери болуп, максаттары андан да жийиркеничтүү.

turkistonkg

Recent Posts

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 hours ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

4 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago