
АКШ Россия менен түзүлгөн дагы бир келишимден чыгат
Ак үйдө бир топ жыл мурда Россия менен түзүлгөн “Стратегиялык чабуул куралдарын чектөө” туурасындагы келишимди жокко чыгаруу жөнүндө ойлонушууда. Бул тууралуу “ТАСС” маалымат агенттиги АКШ президенттик админстрациясындагы жогорку даражалуу кызматкерге таянып кабарлады.
Ал: “Биз азырынча жыйынтыктоочу позицияга келе албадык. Бирок, сүйлөшүүлөр уланат, Москва менен келишим уланышы же узартылышы да мүмкүн. Бирок, мунун ыктымазы аз”, – деди.
Бул билдирүү АКШ президенти Дональд Трамптын Россия менен орто жана жакынкы аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишиминен чыгуу туурасындагы сөздөрүнөн кийин болууда. Трамп Россия менен Кытайды аталган келишимди бузгандыкта айыптады, азырынча келишимди жокко чыгаруу боюнча толук чечим кабыл алына элек. Британия АКШнын бул кадамын макулдады.
Россия тышкы иштер министрлиги болсо АКШны аскерий чараларды көрө тургандыгы менен коркутту.
“Стратегиялык чабуул куралдарын чектөө” жөнүндөгү келишимге 2010-жылдын апрель айында, Чехиянын борбору Прага шааарында АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама жана Россиянын ошол кездеги президенти Дмитрий Медведев кол койгон. Бул документ 2011-жылдан баштап күчүнө кирген.
Келишимде тараптар 7 жылдын ичинде стратегиялык мүнөздөгү куралдарды (континенттер аралык баллистикалык ракеталар, суу астындагы кемелерден учурулуучу баллистикалык ракеталар, стратегиялык бомбалоочу самолёттор) азайтуусу керектиги белгиленген.