Тажикстан парламентинин имаратын Кытай куруп берет
Кытай Тажикстандагы негизги инвесторлордун бири болуп калууда. Кытай өкмөтү өз бюджетинен узак мөөнөттүү кредит бөлүп, Тажикстанда админстративдик имараттар сыяктуу, өнүгүүгө таптакыр тиешеси болбогон бир нече имараттарды курду.
Тажикстан парламентинин жаңы имаратын да Кытай курмакчы болууда. Тажикстандын расмий органдары тарабынан берилген маалыматка ылайык, Душанбенин борборунда курула баштаган парламенттин жаңы имараты үчүн Пекин өз бюджетинен 1,5 миллиард юань бөлгөн.
Курулушту баштоо иш-чарасы 13-октябрь күнү Тажикстан республикасынын президенти Эмомали Рахмон жана ШКУга мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Тажикстанга келген Кытай Элдик Республикасынын мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ли Кецян катышуусунда болуп өттү.
Парламенттин жаңы имараты – мурдагы айыл чарба министрлигинин, Душанбе мэриясынын, Иран элчиканасынын жана башка турак-жайлардын ордуна курулат. Кыскасы, жаңы имарат 6 гектар жерди ээлейт.
Имараттын негизги блокторунун бийиктиги болжол менен 50 метрге барабар болот. Парламент имаратынын жалпы аянты болсо 42 миң 874 квадрат метр болот. Анда 1500 адамга болжолдонгон жалпы жыйындар залы, парламентттин жогорку жана төмөнкү палаталарындагы жыйындар бөлмөсү, медициналык борбор жана китепкана болот.
Парламенттин жаңы имараты 15 кабаттуу негизги имарат жана өкмөттүн түрдүү бөлүмдөрү үчүн 13 кабаттуу эки имараттан турат.
Туркистон:
Орто Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан чет өлкөлөрдөн жалаң инфраструктураны жакшыртуу үчүн гана карыз алышат. Көңүл буруңуз, Казакстандын тышкы карызы 170 миллиард долларга жакын. Ошого карабастан, мамлекетте оор өнөржай тармагына тишелүү болгон бирер көрүнүктүү ишкана курулган жок. Карызга алынган каражаттардын дээрлик бардыгы инфраструктураны жакшыртуу үчүн жумшалды. Бийлик тарабынан болобу же жеке менчик сектор тараптанбы, айырмасы жок. Эки тарап тең бул каражаттарды пайдалуу тармактарга жумшабады.
Кыргызстандагы чиновниктер, ал тургай, чет өлкөдөн карыз алып жол салдырганы менен сыймыктанып жатышат. Бишкекте эски ТЭЦ иштеп турганда, кытайларга жаңысын курдурушту. Бийлик алмашканда ТЭЦтеги коррупциянын жүзү ачылганына күбө болдук. Жол курулушундагы абал ТЭЦтегиден кем калбайт. Бул мамлекеттерге кирип келе жаткан инвестиция же алынып жаткан карыздардын бири да бирер пайдалуу тармакка багытталган эмес. Негизи, алынган карыз болобу, же өз колубуздагы каражаттарбы айырмасыз, алар алгач киреше алып келе турган тармакка багытталышы керек болчу. Андан соң ошол ишканалардан түшкөн пайдалардан мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша курулушка же башка инфраструктураны жакшыртууга жумшалса туура болмок.
Тажикстандын мурунку карыздары үчүн Кытай жакында 90 миң гектар жерин тартып алды. Жакынкы жылдарда Кытай Кыргызстандын жерлерин тартып ала баштайт! Тажикстан да, Кыргызстан да Кытайдан же башкадан алган карыздарынын жок дегенде бир бөлүгүн оор өнөржайды өнүктүрүүгө, же болбосо өнөржайды өнүктүрүүгө шарт түзүүчү станок чыгаруу, машина куруу сыяктуу оор өнөржай тармагына жумшоону ойлошпогон! Ушул нерсе, башкача айтканда жеңил өнөржай жана инфраструктура өнүгүшүнүн кепилдиги оор өнөржай жолго коюлбаган соң, ошентип, жөнөкөй эле парламенттик имарат куруу же болбосо жерге асфальт жаткыруу да колубуздан келбей калат! Себеби, ар бир иш үчүн өзүнө таандык техника жана жабдыктар керек болот. Ал жабдыктардын дээрлик бардыгы оор өнөржайга тиешелүү ишканаларда чыгарылат.
Эл аралык саясат жана дүйнөлүк башкаруу системасы – эл аралык уюмдар жардамында биз сыяктуу алсыз, агрардык, үчүнчү дүйнө өлкөлөрүндө оор өнөржай тармагына тыюу салуу механизмин иштеп чыгышкан. Алар өздөрүнө ылайыкташтырылган эл аралык мыйзам-эрежелер аркылуу бизди өнүгүүдөн тосуп келишет. Жогоруда айтканыбыздай, өнүгүүнүн кепилдиги болгон тармактар үчүн бир да ири мамлекет карыз бербейт. Алар эл аралык саясаттагы, жазылган же жазылбаган мыйзамдар аркылуу ушул нерсени катуу көзөмөлдөшөт.
Кытай болсо, Батыш мамлекеттери сыяктуу идеологиялык кызыкчылыктар үчүн же сакафатын жаюу үчүн карыз бербейт. Ал жалаң гана материалдык кызыкчылык үчүн, негизинен өз аймагын кеңейтүү үчүн, же өз өлкөсүнө сырьё алып кирүү мүмкүн болгон тармактарга ээ болуу максатында карыз берет. Кытай бул максаты жолунда Э. Рахмон, Н. Назарбаев, А. Атамбаев сыяктуу – өз кызыкчылыгын өлкө кызыкчылыгынан жогору койгон – кыянатчылардан пайдаланат.