Путин: Өзбекстанга сапардын алкагында бир топ документтерге кол коюлат

339
0

Путин: Өзбекстанга сапардын алкагында бир топ документтерге кол коюлат

Россия президенти Владимир Путин эмдиги аптада Өзбекстанга расмий сапар менен барышы, сапардын жыйынтыгында бир катар документтер топтомуна кол коюлушу о.э. АЭС курулушуна старт берилиши тууралуу билдирди.

 Путин элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алуу иш-чарасы учурунда: “Кийинки аптада Өзбекстанга болуучу расмий сапардын алкагында Ташкентте президент Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу болот. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтер пакетине кол коюлат”, – деди.

Россия президенти Өзбекстан Россиянын стратегиялык өнөктөшү экендигин айтты. Анын билдиришинче, эки тараптуу мамилелер бардык тармактарда бекемделүүдө.

Путин Шавкат Мирзиёев менен биргеликте Өзбекстандагы алгачкы атомдук электростанциясынын курулушуна старт беришин кошумчалаган.

РФ президентинин Өзбекстанга сапары 18-19-октябрь күндөрү болуп өтөт.

Буга чейин, Өзбекстан жана Россия кызматташтыгындагы атомдук электростанция (АЭС) Наваи жана Бухара облустарынын чегинде курула тургандыгы кабарланган .

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here