Трамп терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү боюнча жаңы стратегияны тастыктады
АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдүн терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү боюнча жаңы улуттук стратегиясын тастыктады. Трамптын билдиришинче, АКШ админстрациясы анын жетекчилигинде терроризмге (Исламга) каршы күрөштү бир топ күчөткөн.
Трамптын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон да АКШнын жаңы стратегиясы боюнча Ак үйдө маалымат жыйынын өткөрдү. Маалымат жыйынында Болтон АКШ каршысында турган негизги коркунуч Ислам экендигин ачык баян кылды.
Болтон: “Исламий экстремисттик, террористтик топтор АКШга жана тышкарыдагы кызыкчылыктарына коркунуч туудуруп жатат”, – деди.
“Каршыбызда турган терроризм идеясын билебиз жана президентибиз да биз дуушар болуп жаткан идеологиялык кооп-коркунучту түшүнмөйүнчө, терроризм менен күрөшө албастыгыбызды билип турат”, – деп кошумчалады Болтон.
Болтон АКШ коркунуч деп эсептеген идеологияга түшүндүрмө берип: “Биз бардык кооп-коркунучтарды камтыган идеологияга карайбыз. Биз жасалма идеологияга эле эмес, 1979-жылы Иран Ислам революциясынан таасирленген идеологияга да карайбыз”, – деди.
Болтон сөзүн улантып: “Жаңы стратегия мурункуларга караганда кеңири болот жана АКШ алдында турган терроризмге каршы күрөш үчүн аскерий жана аскерий эмес каражаттарды бириктирет”, “Вашингтон терроризмге каршы күрөштө чет өлкөлөр менен кызматташат жана аларды «бул жүктү бөлүштүрүп алууга» чакырат”, – деди.
АКШнын терроризмге каршы күрөшүү боюнча акыркы улуттук стратегиясы 2011-жылы мурдагы президент Барак Обама доорунда даярдалган эле. Трамп тастыктаган отчётто болсо, айрыкча, алты беренеге көңүл бурулган. Алар: Террорчулардын идеологиялык булактарын аныктоо, террорчуларды аларга жардам берип жаткан булактан алыстатуу, АКШнын терроризмге каршы күрөш каражаттарын модернизациялоо, Америка инфраструктурасын коргоо жана өнүгүшүн камсыздоо, радикалдашуунун алдын алуу жана террорчу топторго кошулууга тоскоолдук кылуу, эл аралык өнөктөштөр менен терроризмге каршы күрөштө ортоктош чекиттерди көбөйтүү.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…