Жеймс Жеффри: Идлиб келишими Асад үчүн керемет көрүнүш
АКШнын Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри Россия президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Сочи шаарында кол койгон Идлиб келишимин Асад өкмөтү үчүн керемет көрүнүш катары баалады. Жеффри бул тууралуу Мисир, Франция, Германия, Иордания, Британия жана Саудиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө маалымдады.
Жеймс Жеффри Сочиде түзүлгөн Идлиб келишимине кол коюу менен Россия жана Түркия өтө жакшы иш кылгандыгын баса белгилеп, АКШ кудум ушундай максатта Россия менен кызматташкандыгын кошумчалады.
“Түркия менен Россия ортосунда келишимге кол коюлушу жакшы иш болду, биз келишимдин милтенмеси үзгүлтүксүз болот деп үмүттөнөбүз. Вашингтон ушул максатка жетишүү үчүн Москва менен кызматташууда. Американын Асадды бийликтен кетирүү ниети жок. Эгерде ал бийликтен кетсе, биз абдан курсант болобуз. Бирок, биздин максатыбыз бул эмес. Биздин максатыбыз, өз калкына же кошуналарына коркунуч туудурбай турган Сириянын пайда болушу”, – деди АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү.
АКШ президенти Доналд Трамп да Түркия менен Россия ортосунда уюштурулган Идлиб сүйлөшүүлөрү үчүн Түркияга кайра-кайра ыраазылык билдирди.
АКШ президенти: “Түркия Идлиб маселесинде өтө жакшы бир иш кылды. Түркиянын бизге өтө чоң жардамы тийди. Түркия аябай жакшы. Түркия бардык кырдаалдарда бизге көп жардам берди”, – деди.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…