Кириллов: Пентагон Өзбекстанда лаборатория курган

Кириллов: Пентагон Өзбекстанда лаборатория курган

“Украина, Азербайжан жана Өзбекстанда Пентагондун көзөмөлүндөгү лабораторияларды реконструкциялоо уланууда”, – деди РФ Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык куралдардан коргонуу кошуундарынын башчысы Игор Кириллов. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

 Кириллов: “Лугар борбору АКШнын кеңири масштабдуу аскерий-биологиялык программасынын кичинекей элементи. Россияга жакын аймактарда активдүүлүк күчөтүлдү, бул жерлерде да Пентагон көзөмөлүндөгү лабораториялар ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Украина, Азербайжан жана Өзбекстанда лабораториялык корпустарды реконструкциялоо уланууда”, – деди.

Кирилловдун айтымында, алардын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыты – жугуштуу оорулар жөнүндө маалымат топтоо жана патогендик микроорганизмдер штаммдарына ээ болгон, анын ичинде, антибиотиктерге туруктуу о.э. вакциналар коргонуу таасирин узартуучу улуттук коллекцияларды алып чыгуу.

Буга чейин, Грузиянын мамлекеттик коопсуздук боюнча экс-министри Игор Гиоргадзе Москвада болуп өткөн маалымат жыйынында АКШ президенти Дональд Трампка Ричард Лугар атындагы лабораториянын ишмердүүлүгүн текшерүү сунушу менен кайрылганын билдирген. Гиоргадзенин билдиришинче, ал лаборатория адамдардын өлүмү менен аякташы мүмкүн болгон тажрыйбаларды өткөрөт. Гиоргадзе 2015-жылдын декабрь айында лабораторияда С гепатитинен дарылоо учурунда 30 адам каза болгону тууралуу айткан. 2016-жылдын апрель жана август айларында, 30 жана 13 адам каза болуп,  алардын “өлүмүнүн себеби” “белгисиз” деп көрсөтүлгөн, ал эми себептери текшерүүдөн өткөрүлгөн эмес. Анын айтымында, өлгөндөрдүн аты-жөнү такталбаган, болгону алардын туулган жылы жана жынысы гана жазылган.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

9 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

13 hours ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

4 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago