Россия Сирияда “СВЧ-пушка”ларды колдонот

Россия Сирияда СВЧ-пушкаларды колдонот

 “Радиоэлектрондук технологиялар” концернинин директорунун биринчи орунбасарынын кеңешчиси Владимир Михеевдин билдиришинче, Россиянын электромагниттик куралы полигондор шартында сыноодон өтүүдө. Мындай курал жакын арада Сирияда колдонулушу мүмкүн. Бул тууралуу “ТАСС” кабарлады.

Михеевдин айтымында, электромагниттик курал системасы (СВЧ-пушкалар) “абдан эффективдүү түрдө өнүгүүдө”.

 “Сыноолор туруктуу көрүнүштө лабораториялык шарттарда о.э. полигондордо өтүп жатат”,- деди. Анын кошумча кылышынча, ошол эле учурда, электромагниттик курал-жарактан коргонуу системалары үстүндө да иштер жүрүп жатат.

 “Арсенал Отечества” журналынын башкы редактору Виктор Мураховский билдиргендей, 2019-жылдын январь айынан баштап, россиялык аскерлер сериялуу түрдө дронго каршы куралдарга ээ болушат.

 “Ошону менен бирге, албетте, Сириядагы аскерлерибизге да жеткирилет”,- деди эксперт.

Туркистон: 

Россия Шамда Сирия агымына чөгүп барууда, инша Аллах! Россиянын Идлибде мужахиддерди жай тургундарга кошуп бир четинен кырып жиберишине АКШ жол бербеди. Бул иште  ал Түркия жана Иарандан пайдаланды. Ал Россияга Иран жана Түркия менен кызматташтыкта Сириянын Хомс, Хама, Халаф (Алеппо) сыяктуу өтө чоң шаар жана аймактарында негизинен асмандан ракеталарды жаадырып, массалык кыргын кылышына уруксат берген эле. Россия АКШнын колдоосу астында Сирияны урандыга айлантты. Алардын тили менен айтканда, Сирия калкына карата геноцид уюштурду!

Ал эми Идлибге келгенде, АКШ Россияны токтотуп турат. Ал жерде карылар, аялдар жана жаш-балдарды аягандыгы үчүн эмес, тескерисинче Сириядагы стратегиялык кызыкчылыктарды бөлүшүү убактысы жакындап калгандыгынан, бул иште Россияны саясий реформаларга аралаштырбастык максатында Идлибди убактылуу сактап турат. Демек, Сирияда саясий кырдаал изге түшүп, АКШ кызыкчылыктары жүзөгө чыгып т.а. Сирия башкаруу режими АКШ каалаган күчтөргө өтүп болмоюнча, Сириядан Россиянын жеңиш менен кетишине жол бербейт. Тескерисинче аны аскерий проблемалар агымына тарта берет. Россия курал-жарактары менен канчалык мактанбасын,Сириядагы кырдаалга Россиянын эмес, АКШнын таасири күчтүү.

turkistonkg

View Comments

Recent Posts

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 hours ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

4 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago