Новиков: “Ислам мамлекети” уюму Борбор Азияда “Халифалык” мамлекетин тикелөөнү көздөп жатат
Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештиги уюмунун (КМШ) Антитеррор борборунун жетекчиси генерал-полковник Андрей Новиков “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери Борбор Азия өлкөлөрүндө “Халифалык мамлекетин” куруу планын түзүп жаткандыгын билдирди. Генерал Новиков бул тууралуу терроризмге каршы күрөшүү боюнча “Ысык-Көл-Антитеррор-2018” машыгуусу учурунда билдирди. Анын айтымында, “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери бул аймактагы “ячейкаларын” активдештирүүгө киришкен.
Өз кезегинде Кыргызстандын вице-премьер-министри Ж. Разаков террордук коркунучтар, Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүндө узак мөөнөттүү жаңжалдарды келтирип чыгарышынан эскертти. Анын айтымында, региондогу кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн “террорчулар”дын түндүк Афганистандан бул аймактарга кирүүгө аракет кылып жатканы өзгөчө тынчсыздандырууда.
Июнь айында Россия Федералдык коопсуздук кызматынын директорунун орунбасары о.э. терроризмге қаршы күрөшүү боюнча улуттук комитеттин жетекчиси Игор Сироткин “Ислам мамлекети” уюму ушунча жоготууларга карабастан, бүт дүйнөгө жайылып жаткандыгын жана олуттуу коркунучтарга себеп болуп жаткандыгын билдирген эле.
Стратегиялык долбоорлоо институтунун директору Александр Гусевдин билдиришинче, “Ислам мамлекети” уюмунун “ячейкалары” Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азиянын бардык тараптарына жайылып барууда.
Туркистон:
Россия Борбор Азия үчүн Афганистан аркылуу океанга транзиттик жол ачылышынан тынчсызданууда. Океан Борбор Азияны дүйнөлүк базарга алып чыгат. Анда Борбор Азия Россиянын экономикалык колониясынан чыгып кетиши мүмкүн. Газ, нефть түтүктөрү курулушу менен “Газпром”, “Ростнефть” сыяктуу Россиянын компаниялары Орто Азиядан чыгып кетүүгө мажбур болот.
Россия өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн Борбор Азияда, айрыкча, Кыргызстанда жана Тажикстанда жасалма коркунучтар пайда кылуу менен аскерий аралашуусун күчөтүп алмакчы болууда. О.э. аскерий кырдаалды пайда кылып, Афганистан аркылуу өтүүчү ар кандай экономикалык долбоорлорду кечиктирүүнү көздөп жатат. Борбор Азиядагы мамлекет башчылар Афганистан аркылуу транзиттик жол регион үчүн канчалык пайдалуу экендигин түшүнүп турса да, Россиянын фитналарынан коркуп, анын айла-амалдарын ишенүүгө мажбур болушат. Антпесе, Россия региондо террорчулар атынан жасалма террордук операцияларды уюштуруп, кырдаалды изден чыгарып жибериши мүмкүн!
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…