Кезектеги коркутуу
КМШ Антитеррордук борборунун жетекчиси, полициянын генерал-полковниги Андрей Новиковдун билдиришинче, “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери Борбор Азия аймагында таяныч чекитин пайда кылуу үчүн аракет кылууда. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.
Бул тууралуу генерал-полковник Новиков “Ысык-Көл – Антитеррор-2018” машыгууларынын экинчи этабында маалымдады.
Новиковдун айтымында, “Ислам мамлекети” уюму согушкерлеринин ушул аймакта таяныч чекиттерин пайда кылуу ниети “негизги проблема” болуп эсептелет. О.э. террорчулардын аракеттери “Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч туудурат».
КМШ Антитеррор борборунун жетекчиси билдиргендей, “Ислам мамлекети” уюумунун согушкерлери региондо халифалык деп аталуучу таяныч чекитин пайда кылууга аракет кылууда о.э. “жашыруун ячейкаларды” активдештирүү максатындагы иштерди аткарууда.
Туркистон:
РФ атайын кызматтарынын “Ислам мамлекети” уюму жөнүндөгү маалыматтары, болгону атайылап көбүртүлүп жаткан жасалма коркутуу. Себеби, бул уюмдун бирер мамлекетти – ал тургай кичинекей бир мамлекетти да – ээлеп ала турган кубаты жок. “Ислам мамлекети” уюмунун кубаты – куфр аскерий күчтөрү анын атынан региондордо ишмердүүлүк жүргүзүп жаткандыгында. Мисалы, мурда “Ал-Каида”нын атынан дүйнөнүн ар жеринде террордук операциялар ишке ашырылып келген. Ал эми бүгүнкү күндө болсо теракттар “Ислам мамлекети” уюмунун атынан ишке ашырылууда. Үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде Тажикстандагы велосипедчен туристтерге болгон чабуулду да “Ислам мамлекети” мойнуна алды. Колонизатор мамлекеттер өздөрүнүн кызыкчылыгы жолунда “Ислам мамлекети”уюмунун атынан пайдаланып келишет.
Россия да өзүнүн Борбор Азияга аскерий колония жүрүшүндө эл аралык саясат тарабынан атайын пайда кылынган “Ислам мамлекети” коркунучунан пайдаланмакчы болууда. Ал азырынча маалыматтык чабуулдарды колдонууда. Маалыматтык согушта жеңген соң, албетте материалдык иш-аракетке өтөт. Россия элчиканалары аркылуу уюштуруп жаткан террордук операцияларды ал тургай Европа мамлекеттери жана Түркия да токтотуп кала албады.
Демек, Кыргызстан сыяктуу алсыз мамлекеттердин Россиянын маалыматтык чабуулуна жана жогорудагы сыяктуу расмий билдирүүлөр аркылуу өткөрүп жаткан саясий басымдарына каршы күчтүү маалыматтык күрөш жүргүзүүдөн башка чарасы жок! Биз алардын биз үчүн өтө кооптуу болгон бул билдирүүлөрүнө раддия берип, даярдык көрүлүп жаткан террордук операцияларды исламий күчтөр ишке ашырышы мүмкүн эместигин жана иштин түпкү маанисин ашкере кылууну токтотпошубуз керек! Антпесе, алар региондо өтө кооптуу кырдаал пайда кылмакчы болушууда!
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…