Америка президенти Дональд Трамп АКШ тарыхындагы эң чоң катаны жарыя кылды
АКШ президенти Дональд Трамп «The Hill» телеканалына берген интервьюсунда «Американын тарыхындагы эң чоң ката» жөнүндө сөз кылды. Анын айтымында, 2000-жылдары Жорж Буш жетекчилигинде АКШ күчтөрүн Жакынкы Чыгышка алып кирүү АКШ өкмөтү тарабынан ишке ашырылган «эң чоң ката» болгон.Трамп Буш админстрациясынын бул чечими АКШга 7 триллион долларга түшкөндүгүн жана мунун натыйжасында «миллиондогон» адамдардын жашоосу бузулгандыгын белгиледи.
“Мамлекетибиз тарыхында ишке ашырылган эң чоң ката президент Буш доорунда Жакынкы Чыгышка кошуун жөнөтүү болду. Барак Обама 2011-жылы АКШ кошуундарын ал жерден алып чыгуу туурасында чечим кабыл алуу менен ката кетирген болсо да, бирок менин оюмча, АКШ күчтөрүнүн ал жерге кириши мамлекетибиз тарыхындагы эң чоң ката болчу. Себеби, Жакынкы Чыгыштагы аракеттерибиз бизге 7 триллион долларга түштү”, – деди Трамп.
Аллах Таала Өзүнүн китебинде бул тууралуу кандай гана акыйкатты айткан:
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ لِيَصُدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ فَسَيُنفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيْهِمْ حَسْرَةً ثُمَّ يُغْلَبُونَ وَالَّذِينَ كَفَرُوا إِلَى جَهَنَّمَ يُحْشَرُونَ
“Албетте, кафирлер мал-дүйнөлөрүн Аллахтын жолунан тосуу үчүн сарпташат. Анан аны сарпташат го, кийин ошол (малдары) өздөрүнө өкүнүч-касирет болот, кийин жеңилишет». [8:36]
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…