Россия “Искандер-М” баллистикалык ракеталарын Кыргызстанга жөнөттү

Россия “Искандер-Мбаллистикалык ракеталарын Кыргызстанга жөнөттү

Россия “Искандер-М” ракеталык комплексин биринчи жолу Уралдан Кыргызстанга жөнөттү. Аталган комплекс КМШ өлкөлөрүнүн терроризмге (Исламга) каршы аскерий машыгууларына катышуу үчүн жөнөтүлгөндүгү айтылууда.

«РИА Новости» маалымат агенттиги Россия кошуунундагы аскерий булакка таянуу менен кабарлагандай, бул машыгуунун алкагында террорчулар жашынды делген тоого ракеталар ташталат.

Бул аскерий машыгууга КМШ өлкөлөрүнүн айрымдары катышат. 24-26-сентябрь күндөрү болуп өтүүчү аскерий машыгууга Россиядан 1000 аскер катышат.

«Искандер-М» жакынкы аралыкка атуучу баллистикалык ракета комплекси болуп эсептелет.

“Искандер-М” ракетасы 500 чакырымга чейин учуп, аэродромдогу учактарды, тик учактарды атып түшүрүүгө ылайыкталган. Аны радарда аныктоо да өтө кыйын.

Туркистон:

Кыргызстан эл аралык күчтөр үчүн Борбор Азияга коркунуч туудуруучу о.э. бири-бири менен аскерий кагышуучу борборго айланып барууда. Эл аралык саясатта ири мамлекеттер ортосундагы келишпестиктер борборуна айланып, алардын бири-бирине каршы материалдык жана аскерий аракеттери үчүн полигон болуп калуу ыктымалы күчөп барууда. АКШ Афганистан тараптан аскерий кубатын күчөтүп келе жаткан болсо, Кытай аскерий техникаларды сунуштоо аркылуу кыргыз армиясын өзүнүн аскерий техникалары менен модрнизация кылмакчы болууда. Буларга каршы Россия да өзүнүн аскерий кубатын, аралашуусун күчөтүүгө токтом кылды. Бул ар тараптан жүрүп жаткан аскерий экспанциялардын акыбети кимдир-бирөөлөргө пайда алып келсе да, Кыргызстан үчүн өтө каргашалуу болушу мүмкүн!

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

24 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago