НАТО: Биз Россияны изоляция кылууга аракет кылып жаткан жокпуз

НАТО: Биз Россияны изоляция кылууга аракет кылып жаткан жокпуз

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг НАТО уюму Россия менен диалогду колдой тургандыгын билдирди. Анын айтышынча, НАТО Россияга каршы кибер коргонуу системасын бекемдеп жаткан болсо да, бирок аны изоляция кылууга аракет кылган жок.

“Биз эч качан Россияны изоляция кылууга аракет кылбадык. Аны менен иш жүзүндө диалог болушуна ишенебиз жана Россия менен диалог өткөрүү маанилүү деп билебиз”, – деди Столтенберг «Ахиос» маалымат агенттигине берген интервьюсунда.

Ал: “Бул жерде эл аралык проблемаларды кантип чечүү боюнча ар түрдүү пикирдеги мамлекеттер бар экендиги НАТО аракеттериндеги адаттагы эле көрүнүш”, – деп кошумчалады.

Бирок, Столтенберг Россия тараптан электрондук чабуул жүз бере турган болсо НАТО өз хартиясынын бешинчи беренесин колдонушу мүмкүн экендигин айтты. Анын айтымында, НАТОнун жообу автоматтык түрдө болбойт. Бул электрондук чабуулдардын мүнөзүнө байланыштуу.

О.э. НАТО бир нече жыл мурда, эгерде олуттуу кибер чабуулга учураса өз хартиясынын бешинчи беренесин колдонууга уруксат берүүчү токтом кабыл алганын айтып өттү.

Ал: «Бул кадимки курал-жарак чабуулдарына эле эмес, кибер чабуулдарга да тиешелүү. Маанилүүсү, эгерде кырдаал талап кылса, биз бешинчи беренени колдонуу мүмкүнчүлүгүбүз бар экендигин анык маалымдадык. Мындан тышкары, биз электрондук коргонуу системасын күчөткөнбүз», – деди.

НАТО хартиясынын бешинчи беренесине ылайык, анын мүчөлөрүнүн бирине болгон чабуул бүтүндөй НАТОго каршы чабуул катары сыпатталат. АКШ 2001-жыл, 11-сентябрь окуяларынан кийин Ислам дүйнөсүнө каршы ушул нерсени ишке салган.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago