АКШ Кытай товарларына 200 миллиард доллардык бажы төлөмүн киргизди

АКШ Кытай товарларына 200 миллиард доллардык бажы төлөмүн киргизди

“АКШ президенти Дональд Трамп Кытай товарларына карата 200 миллиард доллардык бажы алымын киргизди”, – деп кабарлады РИА “Новости”.

“Бүгүн, жети аптага созулган талкуудан кийин, мен АКШ соода өкүлүнө Кытайдан импорт кылынып жаткан товарларга карата жалпы баасы 200 миллиард доллар болгон бажы алымын киргизүүнү тапшырдым. Жаңы бажы төлөмү 24-сентябрдан баштап күчүнө кирет жана жылдын аягына чейин 10% өлчөмдө белгиленет”, – деп айтылган АКШ президентинин кабарында.

Ошол эле убакта, Дональд Трамп эгер Кытай АКШга карата жооп чарасын көрө турган болсо, бажы төлөмүн үчүнчү жолу көтөрүү ыктымалы бар экендигин белгиледи.

Буга Кытай – АКШ басымы соода карама-каршылыгын чече албайт деп жооп кайтарды. Бир нече күн мурда “Wall Street Journal” ишенимдүү булактарга таянган абалда АКШ бажы алымын киргизе турган болсо Кытай соода сүйлөшүүлөрүнүн жаңы баскычында катышпайт деп кабарлаган.

 Белгилүү болгондой, АКШ жана Кытайдын ортосундагы соода согушу ушул жылдын жай мезгилинде башталган. АКШ 6-июлда Кытайдын 818 түрдүү товарына жалпы баасы 34 миллиард доллар болгон бажы алымын киргизген. Кытай да буга жооп иретинде, ошол эле күнү АКШ товарларына карата 25% бажы алымын киргизген.

Андан соң август айында АКШ Кытайга карата дагы 16 миллиард доллардык бажы алымын киргизди. Буга Кытай да АКШга кудум ушундай өлчөмдөгү бажы алымын киргизүү менен жооп кайтарды.

Соода согушу башталышына эки мамлекет ортосундагы соода балансында Кытайдын үлүшү чоңдугу себеп болду. Кытайдын АКШга салыштырмалуу 500 миллиард долларга көп товар экспорт кылып жатканы Вашингтонго тынчтык бербей жатат.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

23 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago