Россия менен Кытай өз ара соодада улуттук валютадан пайдаланат
Москва менен Пекин доллар үстөмдүгүн азайтуу үчүн эки өлкө ортосундагы соодада улуттук валютадан пайдалануу боюнча аракет кылууда. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Владивосток шаарында кытайлык кесиптеши Cи Цзиньпин менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди.
“Экспорт жана импорттук операциялар үчүн сунуштала турган банк кызматтары туруктуулугун камсыздоо максатында Россия жана Кытай өз ара соодада улуттук валюталардан пайдалануу маанилүү экендигин макулдап жатат”, – деди Путин.
О.э. президент Путин эки өлкө ортосундагы товар алмашуу деңгээлин жогору баалады жана Москва-Пекин ортосундагы товар алмашуу көлөмү үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин 100 миллиард долларга жетишинен үмүттөнгөндүгүн билдирди.
“ITC Trade” сайтынын маалыматына таянсак, өткөн жылы Россия жана Кытай ортосундагы сооданын көлөмү 87,4 миллиард долларга жеткен. Андан 39 миллиард доллары Россиянын Кытайга экспорту болсо. 48,4 миллиард доллары Россиянын Кытайдан импорту болгон.
Россиянын түздөн-түз инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев аталган фонд Кытай менен соода иштерин 2019-жылдан баштап улуттук валюталар аркылуу ишке ашырышын жарыя кылды. Анын айтымында, аталган фонд Кытайдын өнүгүү банкы менен бул маселеде келишип алган. “Чыгыш экономикалык форумунда” сөзгө чыккан Дмитриев долбоор жогору баалангандыгын жана алгачкы инвестиция 2019-жылы ишке ашырылышын билдирди.
Россия президенти Владимир Путин 2016-жылы берген билдирүүсүндө Россия менен Кытай тышкы базарларга көз карандылыкты азайтуу үчүн өз ара соода иштеринде жергиликтүү валюта менен мамиле кыла тургандыгын билдирген эле.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…