АКШ Скрипалдар себептүү Россияга өтө катуу санкцияларды убада кылды

АКШ Скрипалдар себептүү Россияга өтө катуу санкцияларды убада кылды

“АКШ Британиянын Солсбери шаарында “Новичок” деген нервди шал кылуучу химиялык заттан пайдаланганы себептүү Россияга каршы “өтө катуу” экинчи санкциялар топтомун киргизмекчи. Бул тууралуу мамлекеттик катчынын жардамчысы Маниша Сингх 13-сентябр күнү билдирди”, – деп жазды “Bloomberg”.

Анда келишинче, Москва химиялык куралга байланышы бар объекттерди текшерүүгө уруксат берген эмес жана мындан кийин алардан пайдаланбастык тууралуу кепилдик да берген эмес. Санкциялар ноябрь айында күчүнө кирет жана банктар, коргонуу максатындагы товарларды сатып алуу о.э. каржылык жардамдарга тиешелүү болот.

АКШнын Россияга каршы жаңы санкциялар топтому 27-августта күчүнө кирген. Анда мамлекеттик департамент Россиянын мамлекеттик компанияларына америкалык курал-жарак менен эки багыттуу продукцияларды экспорттоого тыюу салган. Мындан сырткары, бардык америкалык мекемелер россиялыктарга насыя берүү (бардык түрүнө), насыя кепилдиги сыяктуу финансылык колдоо көрсөтпөй турган болду.  Ошол эле учурда «улуттук коопсуздук кызыкчылыгы үчүн» космос тармагындагы кызматташтыкка чек коюлган эмес.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

23 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago