Бишкекте эл аралык конфренция ишин баштады
13-сентябрь күнү Бишкек шаарында “Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары” аттуу III-Эл аралык диний-илимий конференция ишин баштады.
Эл аралык конфренцияга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Россия, Латвия, Эстония жана Литванын муфтийлери катышууда.
Жыйындын программасында бир нече маселе коюлганы менен, башкы тема диний экстремизм жана радикализм болду.
Бул конференция үчүнчү жолу уюштурулуп жатат. Аталган конференциянын алгачкысы Кытайда, экинчиси болсо Россияда уюштурулган.
Туркистон:
Куфр системасы “радикалдык жана мээлүүн” деп мусулмандарды экиге бөлүү долбоорун иштеп чыкты. Бирок, бул долбоорду ишке ашыруу жана дүйнө мусулмандарын бул жомокко ишендирүү алардын колунан келбейт. Муну ушул конференцияга чогулган аалымдар сыяктуу диний жетекчилерибиз ишке ашырып бериши керек. Алар мусулмандардын жарымын ушул нерсеге ишендире алышса, куфр ошол мусулмандар аркылуу калган жарымындагы мусулмандарга каршы фронт даярдай баштайт.
“Терроризм” жана “экстремизм” – булар мурдатан ойлоп табылган терминдер болчу. Бул терминдер боюнча, жогорудагы сыяктуу конференциялар аркылуу адамдардын пикиринде кооптуу образ пайда кылууга аракет кылышат. Андан соң, өздөрү ар түрдүү террордук операцияларды уюштуруу менен адамдарда коркуу жана аларга муктаждыкка үндөөчү абал пайда кылып алышат. Террордук операциялар бирер исламий аталыштагы уюм аркылуу ишке ашырылабы, же түздөн-түз өздөрү ишке ашырабы, мунун айырмасы жок. Маанилүүсү алардын ыктыяры жана колдоосу негизинде ишке ашырылат. Бүтүндөй бир мамлекет ызы-чууга түшүп, куфр дүйнөсүнөн жардам сурай баштайт жана натыйжада алардын аскерий базалары менен оңой эле кирип келишине шарт түзүлөт.
Ушулардын бардыгы, акыретин бул дүйнө кызыкчылыгына сатып жиберүүгө даяр турган жогорудагы сыяктуу диний жетекчилер жардамында ишке ашырылат. Эгерде, бул бузук жана коркок диний кызматкерлер болбогондо, бийликтегилер мусулмандарга каршы зулум кылууда өтө кыйын абалга дуушар болушмак. Куфр дүйнөсү болсо бизди колония кылып, өлкөлөрүбүздөн ташып кетип жаткан пайдаларынан аскерий техникаларды жасап, бейкүнөө мусулмандарды кыра алышмак эмес.
Алар кооптуу көрсөтүп жаткан террористтер кооптуубу, же бул диний кызматкерлерби? Себеби, дүйнөдө болуп жаткан кылмыштар саясатчылардын жана аалымдардын – жок эле дегенде сүкүт сактап туруу аркылуу – ыраазылык билдириши менен ишке ашырылат. Зулумдарга тили менен, колу менен түздөн-түз жардам берүү болсо – Аллах сактасын –эки дүйнөдө тең өтө жаман акыбеттерге алып барат.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…