Болтон Афганистандагы согушта «жалданма согушкерлер»ден пайдаланууну сунуштады

Болтон Афганистандагы согушта «жалданма согушкерлер»ден пайдаланууну сунуштады

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Афганистандагы согушта «жалданма согушкерлерден» пайдаланууну сунуштады.

“Бул тууралуу талкуулар көп болгон жана мен ар дайым жаңы идеяларга ачыкмын. Бирок акыры келип, маселе президентке сунушталат”, – деди Болтон.

Жон Болтондун сунушу АКШнын “ABC News” телеканалы аркылуу эфирге узатылды. Аталган каналда АКШ президенттик админстрациясындагы жооптуулардын билдирүүлөрү жарыя кылынат. Телеканал АКШ президенти Дональд Трамп жеке менчик аскерий компания “Блэкуотер”ди негиздеген Эрик Принстин сунушуна көңүл бургандыгына ишара кылды. Принстин сунушу Афганистанда согушту колдоп-кубаттоо үчүн атайын аскерий компанияларга караштуу «жалданма согушкерлерди» жалдоодон турат.

Принстин пикири алгачкы жолу, 2017-жылы Трамп Афганистандагы АКШ кошуундарын алып чыгуу идеясынан баш тартып, жаңы стратегиясын жарыя кылышынан бир аз мурда пайда болгон. «NBC News» каналынын кабарына ылайык, Трамптын Афганистандагы жаңы стратегиясы жарыя кылынгандан бир жылдан кийин, Принстин сунушуна олуттуу көңүл бура баштаган.

2017-жылы 22-августта Трамп АКШнын Афганистандагы саясатында АКШнын аскерий ыйгарым-укуктары кеңейтилишин жана коопсуздук шарты жакшырганга чейин Вашингтондун аскерий миссиясы уланышын жарыя кылган.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

23 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago