Мамлекеттик агенттик Кытай делегациясын кабыл алды
5-сентябрда, Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев менен Кытайдын Элдик саясий консультативдик кеңешинин улуттар жана дин иштери боюнча комиссиясынын төрагасы Ван Вэйгуан жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү кызматташтыктын потенциалдуу жолдорун белгилешти.
Салиев өз сөзүндө, Кыргызстандагы этностор аралык мамилелердин өнүгүшү жана бекемделиши үчүн кабыл алынган улуттук документтерде чагылдырылган этностор аралык чыр-чатактардын алдын алуу боюнча жакынкы, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү иш-чараларга токтолуп өттү.
Анын айтымында, Кыргызстанда калктын 27 пайызын түзгөн 80ден ашык ар кандай этникалык жамааттардын өкүлдөрү жашашат. Мамлекеттин этникалык саясатынын негизги багыттары жакында иштелип чыккан Жарандык интеграциянын жаңы концепциясында чагылдырылган.
Ал эми Ван Вэйгуан өз сөзүндө, иш сапардын негизги максаты — Кыргызстандын этностор аралык мамилелер жана дин иштери чөйрөсү боюнча жүргүзгөн иштери менен жакындан таанышуу, тажрыйба алмашуу жана үйрөнүү экенин белгиледи.
Туркистон:
Кытай мамлекети Кыргызстандын ички иштерине аралаша баштады. Алар этностор аралык мамилелер, дин жана диний чөйрөгө карата кыргыз өкмөтү алып барып жаткан иш-аракеттер менен жакындан таанышуу, үйрөнүү үчүн келишкен имиш. Жок, алар Кытай улуту үчүн Кыргызстан бийлиги дагы кандай артыкчылыктарды бере алышын текшергени о.э. кытайларга кыргыз жарандыгын берүү алуу механизмин тезирээк ишке ашыруусу үчүн басым өткөргөнү келишти! О.э. хань кытайлары өкмөт менен биргеликте Ислам жана мусулмандарга каршы ишке ашырып жаткан зулумдарга каршы пайда болуп жаткан Исламий мухиттен тынчсызданып, кыргыз өкмөтү менен келишим түзүү максатында келди! Башкача айтканда, кыргыз өкмөтүнүн Исламга каршы күрөшүн каржылык жактан колдоо үчүн келди. Бирок, алгач Ислам жана мусулмандарды репрессия кылуунун көлөмү, мүмкүнчүлүгү канчалык экенин аныктап алышмакчы.
Демек, Кытай делегациясы эки максат менен келди. Биринчиси: Өкмөттөн этникалык кытайлар коопсуздугун камсыздап, аларга дагы да ыңгайлуу жана пайдалуу шарттарды түзүп берүүнү талап кылуу. Экинчиси: Кыргыз бийлигинин Ислам динине каршы күрөштөгү мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү о.э. аны каржылык жана башка жактан колдоп турууну өз колуна алуу.
Кытайдын бул жолку аракети колонизатор мамлекеттин мамилеси болуп, ал өзүн биздин ички иштерибизден жоопкер сыяктуу көрсөтүп жатат. Өкмөт болсо Кытайга көз каранды экендигин көрсөтүп, аларга кулдук кылууда. Алардын алдында өздөрүн кор тутуп, алардын ар бир талабы президенттик жана өкмөттүк деңгээлде аткарылууда. Сак бололу, Кытай Кыргызстан тарапка кеңейүү максаты менен ачык жана ыкчам кадамдарды таштай баштады. Кыргыз бийлиги болсо, ага бардык эшиктерди ачып берүүдө. Мусулман болуп туруп, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө бул кудайсыздардын колдоосуна таянып, алар менен кызматташат имиш. Бул кудайсыздыктын өзү эмеспи!
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…