Тажикстанда башкы имам-хатибдер Улуттук коопсуздук комитетинин уруксаты менен кызматка дайындалат
Адатта имам-хатибдер элдин арасындагы абройлуу, таасири бар адамдардан шайланат эле. О.э. алардын талапкердиги имамдар, коомдук активисттер, мечит кызматкерлери тарабынан сунушталчу.
Бүгүнкү күндө Тажикстанда 3850 мечит каттоого алынган жана алардын ар биринде хатиб, имам-хатиб жана башкы хатиб бар. Жаңы токтомго ылайык, имамдар Дин иштери боюнча комитет жана аалымдар кеңешинин алдында сынактан өтүшү керек.
Имамдар диний (шаръий) сабаттуулуктан тышкары, мыйзамчылыкка тиешелүү суроолорго жооп бериши шарт. О.э. мамлекеттин конституциясындагы беренелер тууралуу толук маалыматка ээ болушу керек
Таң калычтуу жери, көпчүлүк имамдар бул эрежеге каршы болбостон, тескерисинче ыраазылык билдиришкен.
“Мамлекет алдында сынактан өтүүнүн эч бир жаман жери жок, себеби, минбарга улутун сүйгөн, мекени үчүн күйгөн адамдар татыктуу”, – деди Хатлон облусунун башкы имам-хатиби Усмонали Назаралиев.
Тажик аалымы, философ Хафиз Бобоёровдун айтымында, бул жараян аркылуу имамдардын өкмөткө берилгендиги текшерилет.
“Ушул жол аркылуу жарандардын ыйманий мухити туруктуу көзөмөлдө болот. Имамдар аркылуу бийликке моюн сундуруу эрежелери киргизилет” – деди Бобоёров.
Тажикстанда диний аалымдар үстүнөн көзөмөл болжол менен 10 жыл мурда башталган. Терроризм коркунучунун алдын алуу максатында ушундай иш-чаралар аткарыла баштаган.
Имамдар ар бир хутбасында: “Шүгүр кылгыла, биздин өлкөбүз эң тынч, жашообуз жыргал, бизде адилеттүү өлкө башчыбыз бар, анын мээнетин, жүргүзгөн сиясатын баалашыбыз керек…” – деп кайталашат.
Имамдардын социалдык тармактардагы кайрылуусунан бул чакырыктар өкмөттүн буйругу менен болуп жаткандыгы көрүнүп турат.
Эл аралык уюмдардын билдиришинче, тажик өкмөтүнүн бул аракеттери мамлекет бойлоп “мээлүүн Ислам”ды өнүктүрүүгө каратылган. Ошону менен бир катарда, сынак учурунда өкмөткө каршы пикири бар имамдарды ажыратып алуу максаты көздөлгөн.
Анткени, эгерде имам өкмөттүн саясатына каршы болсо, ал минбардан туруп өкмөттүн иштерин сындашы мүмкүн.
Америкадагы мазхаб эркиндиктери комиссиясы, тажик өкмөтүнүн бул токтомун катуу каралап, бул нерсени “мусулмандардын диний ишенимин ашыкча көзөмөлдөө” деп атады.
Кечээ күнү бир тажик имам улуттук гимнди билбегени себептүү иштен алынды. Бүгүнкү күнгө келип, ички иштер башкармалыгынын катуу көзөмөлү астында имам-хатибдер сынактан өтүп жатышат. Эми булардын ар бирине өкмөттүн саясатына ылайыкташтырылган маърузанын тексти сунушталат. Натыйжада Өзбекстанда болгону сыяктуу ар бир мечит имамы өз илиминен, ыйманынан келип чыгып насаат кылбай калат. Т.а. өкмөт алардын бардыгына бирдей программа белгилеп берип, намаз хутбаларында, айрыкча жума намазында өлкөдөгү кайсы мечитте болбосун бирдей маърузага күбө болосуз.
Уйгурстан мусулмандары да мурда өкмөттүн саясатына аралашпастан, тынч гана намазын окуп жүрүшкөн, бирок, Кытай бийлиги акырындап аларды өз агымына тартып, диний ишенимдерин чектеди. Дүкөндөрдө мас кылуучу ичимдиктерди сатууга мажбурлап, андан соң Исламдын башка негиздерине чабуул кылынды. Бүгүнкү күндө ал жерде кандай иштер болуп жатканын жакшы билесиздер.
Эң бир өкүнүчтүүсү, акыркы кездерде кулактарына наушник тагып, Кытай гимнин, мыйзамдарын кытай тилинде мажбурлап жаттатууда. Уйгур имамдары бир кездерде аянтка чыгып бийлейбиз деген нерсени түшүндө да көрүшпөгөн болсо керек. А бирок, убакыт өтүп уйгур тилдүү энелер мамлекеттик майрамдарда кытай гимнин ырдап, имамдар болсо аянтка чыгып бийлеп калышты… .
Эгерде биздин имамдарыбыз да илманий (светтик) өкмөттүн бардык шарттарына макул боло берсе жана Аллахтын ыраазылыгы үчүн эмес, бийликтин ыраазылыгы үчүн аракет кыла берсе, келечекте бул жийиркеничтүү система аянтка чыгарып бийлөөгө мажбур кылбайт деп ким кепилдик бере алат?
Мунаввара
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…