Түркия лирасынын куну эмнеге түшүп кетти?

Түркия лирасынын куну эмнеге түшүп кетти?
Суроо:
Түркия лирасынын куну удама-удаа ушул жылдын башындагы көрсөткүчтөн 21% түшүп кетти. 8-августта дагы 14% кунун жоготту. Лира кунунун түшүшүнө Американын Түркиядан импорт кылган алюминий жана болотко болгон бажы салыгын көтөрүп коюшу да өз салымын коштубу? Ошондой эле 2016-жылдан бери Түркияда Америка кечилинин камалып турушу буга таасир бердиби? Трамп анын азат болушун талап кылган эле. Булардын себеби эмне? Бул кризис дагы канчага созулат? Аллах ыраазы болсун
Жооп:
Жооп түшүнүктүү болушу үчүн төмөнкү иштерге назар салабыз:
Биринчиден:
Түркия лирасынын куну удаама-удаа түшүшү:
1. Түркия лирасы 1927-жылы бир лира бир долларга барабар болгон негизде иштей баштаган. Бул акча алтын жана күмүшкө таянган акча колдонулган Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин ишке киргизилген. 1933-жылы Түркия лирасынын куну түшүү доору башталган. Анда доллар эки лирага барабар болгон… Андан кийин лиранын кунунун түшүшү чынжырланып 2001-жылы бир доллар 1 миллион 650 миң лирага барабар болду. Эл аралык валюта фондунун кысымы менен Түркия экономикасынын таңсыктыгы өтө жогорку деңгээлге чыкты. Британия малайы Эджевинин өкмөтү солкулдай баштады.
Американын көмөгү менен өкмөт түзүү үчүн Эрдоган жана анын партиясы ийгиликке жетишүү максатында 2002-жылдагы шайлоолор өткөзүлдү. Анын өкмөтү алты нөлдү жок кылууга токтом кылды жана парламент ага колдоо көргөздү. 2005-жылдын 1-январында ушул токтом негизинде иш алып барыла баштады жана бир доллар 1.79 лирага барабар болду. Бирок бул абал көпкө созулган жок. 2013-жылы лира кайрадан кунун жогото баштады. 2014-жылдын башталышына чейин лира бир нече жолу кунун жоготту. Ал 30% кыйматын жоготту. Лиранын кунун жоготушу азыркы күнгө чейин токтой элек. Эрдогандын өкмөтү лиранын кунун сактап калышка жана аны туруктуу сактап турууга аракет кыла баштады. Бирок андай кылууга дарамети жетпеди. Ушул жылдын башталышынан бери лира кунун сезилээрлик деңгээлде жоготту. 2018-жылдын орто ченинде, тактап айтканда, алты айдын ичинде 21% кыйматын жоготту.
2. Ушул жылдын 26-июлунда кризис кайрадан сезилерлик деңгээде калкып чыкты. Бул абал Трамп жана анын орун басары Майк Пенс эгер Түркия Брансонду бошотпосо ага карата санкция киргизери тууралуу опузалоосунан кийин жүз берди. Андан кийин лиранын куну төмөндөй баштады. Өткөн айдын акыр ченинде бир доллар 4.91 лирага барабар болду. Түркиянын борбордук банкы үстөк пайызды 17.75% өзгөртүүсүз калтырган токтому чыгышынан мурда бир доллар 4.76, 4.91 лирага барбар болду. “Түркиянын борбордук банкы 14 жылдан бери биринчи болуп жаткан жогорку деңгээлдеги инфляцияга каршы үстөк пайызды өзгөртүүсүз калтырууга токтом кылды. Банк бир жумага сатып алуу ставкасын 17.75% баасында калтырды… Лира жыл башынан бери 21% наркын жоготту… Бир доллар 4. 91 лирага барабар болду. Токтом кабыл алынгандан кийин бираз абал турукташып, 4.7605 лирага барабар болуп турду…” Булак (Скай ньюс арабия 2018. 07. 24.)
3. Андан кийин Трамп твиттердеги баракчасында Түркияга карата санкцияларды жарыя кылды. Андан кийин эле лира доллар каршысында өз наркын жоготуусу тездей баштады… Вашингтон менен болгон кризисти жөнгө салууга урунуулар башталды. Анкара 7-августта Түркия ТИМинин орун басарынын башчылыгында Америкалык кесиптеши менен кечил Брансондун ишин талкуулоо үчүн делегаттарды Вашингтонго жиберди. Бирок бул сүйлөшүүдө эки тарап натыйжага жетишкен жок. 9- августта Түркиянын делегаттары Түркияга кайта башташы менен эле Трамп отко май чачты. Ал 10-августта твиттердеги баракчасында Түркиядан импорт кылынган алюминий менен болотко бажы салыгын көтөрөрүн жазды. Алюминийге карата 20% болотко карата 50%. Андан кийин лиранын кунун жоготуусу кайрадан уланды.
Салыштырмалуу Азия жана Тынч океан аймактарында бир доллар 7.24 лирага барабар болду. Жыл башынан бери Түркия лирасы 40% наркын жоготту. Августтун экинчи жумасында лира доллар каршысында 20% наркын жоготту. Трамп дагы кошумчалап: “Мен алюминий жана болотко карата акыны эки эсе көтөрүү буйругун чыгардым”,- деди. (2018/08/10 Htbes: //arabi 21.kom)
4. Мына ушундайча Түркия менен Америка ортосунда финансы крисизи калкып чыкты. Сыртынан караганда бул кырдаал кечил Брансондун айынан чыккандай көрүндү. Америка мамбашы бул маселени көтөрүш менен бир ай мурун өзүнүн конгресстеги шайлоолордогу электораты болгон фундаменталдык христиан секторун канааттандырууну көздөдү. Ал эми акыйкатта Брансондун маселеси Түркия лирасынын наркынын түшүп кетүү себептерин жаап-жашыруу фактору катары пайдаланылды. Бул негизинен Америка Европага карата сокку берүү үчүн каратылган саясий крисиз болду. Анткени кризистин белгилери Америка менен Түркия карама-каршылыктарга бара электен мурун эле бар болчу. Түрк өкмөтү 2019-жылдын ноябрына шайлоолорду белгиледи. Ошондуктан кандай гана курчуй турган кризис болбосун шайлоого таасир берет. Муну Эрдоган өзү да моюндап мындай деди: “Биз шайлоо мөөнөтүн белгилөө менен экономиканы изден чыгара турган таасирлерге каршы күрөшүүгө даярданабыз. Эгер антпесек, бул шайлоо айлампаларынан ийгиликтүү чыгышыбыз күмөн жаратат.” (Ахбар Түркия 2018. 04. 20) Тактап айтканда, лиранын куну жоголушу Брансондун жана бажы төлөмдөрүн көтөрүү маселесинен мурда эле пайда болгон. Айрыкча Брансон 2016-жылдан бери камакта. Ошондуктан Америкада ушул убакка келип Брансон үчүн санкцияларды киргизүү муктаждыгы да жок болчу. Айрыкча Американын дин жана адам укуктары маселесине өтө деле көңүл бурбай калган маалда.
5. Түркия лирасынын чыныгы кунсузданышы төмөнкү иштерде көрүнөт:
А. Ири өлчөмдөгү карыз. Айрыкча, акыркы он жылдагы жекече секторлордогу карыздар. 2017-жылдын сентябрында Түркиянын борбордук казынасы тышкы карыз 438 миллард долларга жеткенин билдирди. Түркия борбордук казынасы 2018-жылы 43 миллиард доллар карызды жабуу максатында 11 миллиард долларды пландады. Түркия борбордук казынасы 2017. 10. 31. баянатында “2018-жылы 43,1 милиардга жакын карызды жабуунун бир бөлүгү катары 10, 92 милиард долларды пландады. Инфляциянын деңгээли акыркы учурларда 10%га жетти”, – деди. (Анадолу агенттиги 2017. 10. 31) Мына ушундайча коркунуч коңгуроосу кагыла баштады. Түркия борбордук казынасынын кеңешчиси бираз мурдарак берген билдирүүсүндө: “Түркиянын тышкы карызы март айында 466.1 милиард долларга жетти..”,- деди. (Анадолу агенттиги 2018. 06. 29)
Белгилей кете турган нерсе бул карыздын негизги бөлүгү өкмөттүк долбоорлорго жумшалган. Бирок жекече секторлор бул долбоорлорду аткаруу жана каржылоо тармагын алып барган… Анкени Эрдогандын өкмөтү акыркы он жыл аралыгында бул долбоорлорду ишке ашырууну жекече тармактарга жүктөө менен өкмөттүн карызын жеңилдетүү жаатында иш алып барды. Ошондуктан азыркы учурда бул карыздардын бир бөлүгү жеке тармакка жүктөлгөн. Бул нерсе өкмөт дайым тышкы карызынын аздыгы менен актана алышы үчүн жасалган саясий айлакерлик.
Б. Түркия соода жана бажы министирликтеринин 2-январдагы көрсөткүчү импорт жана экспорт ортосундагы соода балансынын төмөндүгүн билдирди. 2017-жылга салыштырмалуу импорт 77.06 миллиард долларга же 37.5%га өскөн. Мунун баары накталай акча менен төлөнөт. 2017-жылы Түркия экспорту 157.1 миллиард доллар, импорт 234 миллиард 156 милион долларды түзгөн. (Түркия теле радио 2018. 01. 02) Буга кошумча инфляция көлөмү “Түрк расмий статистикасы” боюнча 3-августта 15, 85%га жеткен. (Анадолу агенттиги 2018. 08. 03) Бул көрсөткүч Эрдоган жана анын партиясы бийликке келгенден кийин т.а 2003-жылдан бери биринчи жолу болду. Маалым болгондой, Түркия борбордук банкы инфляция көлөмүн Европа стандартына туура келе тургандай кылып 5% деп көргөздү. Бирок ал ийгиликсиздикке учурады. Өткөн жылы бул көрсөткүч 8% кийин 10% көтөрүлдү. Ушул маалда бул көрсөткүч 16%га жетип барды.
В. Түркия экономикасын чагылдырган агенттиктер рейтингди түшүрүү аркылуу Түркия лирасына карата басым кылып, Түркия экономикасына ишенбөөчүлүк жаратты… “Moody’s” рейтинг агенттиги 2018. 04. 14 Түркия лирасынын чабалдыгы жана Түркия карызы, инфляциясы тууралуу эскертти: “Азыркы учурдагы Түркия акча бирдигинин чабалдыгы Түркия карыз рейтингине жана көйгөйлүү экономикасына терс таасирин тийгизет… Түркияда чет элдик акча алмаштыруу резерви да төмөн”. (Reuters 2018. 04. 14) Ушул эле агенттик 2018. 03. 13 Түркия рейтингин төмөндөтүп ВА1 ден ВА2 кылып көргөздү. Эрдоган буга ачууланып: “Рейтинг агенттиктери Түркияны бурчка түртүүгө аракеттенип жатат. Каржы базары буга олуттуу деле көңүл бурушу шарт эмес”, – деди (Түрк пресс 2018. 03. 13) Бул агенттиктин изинен эле “Standard & Poor” 2-майда Түркиянын экономикасында күтүлбөгөн жагдайлар орун алышы мүмкүндүгүн белгилеп рейтингди түшүрдү… Бул агенттиктин билдирүүсүндө Түркиянын рейтинги ВРге барышы көрсөтүлгөн. “Рейтингдин түшүшү инфляциянын күчөшү жана Түркия акча алмашуу курсунун узак убакыт бою төмөн болуп турушу бизди тынчсыздандырат.” (Reuters 2018. 05. 02) Анын артынан “Fitch” агенттиги өзүнүн билдирүүлөрүн чыгарды. Анын баянында: “Түркиянын кредиттик рейтинги инфляциянын тереңдеши, учурдагы эсептин тартыштыгы жана Түркия экономика саясаты жаатында белгисиздик себептүү “ВРден ВРге” түшүп кетти. (Түрк пресс 2018. 07. 14)
Маалым болгондой бул кредиттик агенттиктер экономика абалына таасир берүүдө ири рол ойношот. Маселен, көптөгөн жылдардан бери экономикалык көйгөйлөрдү ачыкка чыгарбай жаап жашырып келген. Ал эми учурда саясий максат үчүн экономикалык көйгөйлөрдү көбүртүп көргөзүү менен рол ойноодо. Анын натыйжасында карыз берүүчүлөр Түркиянын карызынан коркуп кийин андан карызын талап кыла башташат. Анын натыйжасында карызды жабуу үчүн базардан накталай акчаны сууруп чыгуу талабынын күчөшү лиранын наркынын төмөндөшүнө алып келет.
Экинчиден:
Бул жерде суроо жаралат: лира кризиси мурдатан эле бар болсо, эмне үчүн азыркы убакта буга кечил Брансондун жана бажы төлөмдөрүнүн жогорулашы келип кошулуп калды? Кийин тез арада лира кунун жоготуп, Америка менен Түркия ортосундагы чыңалуу лирага сокку бергендей түр жаратты? Ал тургай согуш жарыялап жибергенге чейин барып, алакаларды үзүү же НАТОдон чыгып кетүү түрүн жаратышты… Бирок булардын бири да ишке ашпагандыгы эмнени түшүндүрөт? Мунун акыйкаты төмөндөгү иштер аркылуу айкын болот:
1. Трамптын админстрациясы дүйнөлүк акча бирдиктерине айрыкча еврого карата доллар дайым күчтүү болуп турушуна токтом кылган. Америка ири өлчөмдөгү пайда алуу үчүн Европадан Америкага акча капиталы агып киришин максат кылды. Бул үчүн Евро шаркетте пайыздык көрсөткүчтүн азайтылышы менен өзүндөгү пайыздык көрсөткүчтү көбөйттү. Муну менен Америка ири көлөмдөгү акча агымы Америкага кирип, евро доллар каршысында наркын жоготот деп күткөн… Бирок, натыйжа алар күткөндөй болгон жок. Балким евронун наркы доллар каршысында өскөндөн өсө берди. Анткени Европанын борбордук банкы акча жүгүртүүнү жөнөкөйлөштүрүү аталышы асытында кредиттик-акча саясатын бекемдөө жана төмөндөтүү же баалуу кагаздарды сатып алууну токтотуу планын ишке салды. Мунун натыйжасында инвестиция кылуунун жакшы жолун издөө негизинде ири көлөмдөгү акча агымы Америкадан Европага жана Азияга агып кире баштады… Трамптын бул аракети оңунан чыкпай калгандан кийин долларды күчтөө жана соода балансын теңдештирүү максатында импортту азайтып, экспортту көбөйтүүгө урунду. Кээ бир өнүмдөргө карата бажы салыгын көбөйттү. Ошондуктан Америка соода министри Уилбр Росс 31-майда Америка эртең жума күнү Кытай, Мексика, Канада жан ЕБден импорт кылынып жаткан алюминий менен болотко жогорку деңгээлдеги бажы салыгын киргизээрин билдирди. (www.dw.com 2018. 05. 31)
2. Бирок Трамптын бул саясатынын баардыгы евро каршысында долларды күчтөй турган каалоосун ишке ашыра алган жок… Ошондуктан, Түрк лирасынын кунун жоготуусуна басым кылышы, анын адашкан үмүтүн жандандыра тургандай түр жаратты. Анын натыйжасында ызы-чуу көтөрүү менен Европа каржы базарына сокку урмакчы болду. Анткени Түркия менен Европанын тыгыз байланыштагы каржы алакасы бар. Түркиядагы көпчүлүк инвестиция Европадан болот. 2017-жылы бул көрсөткүч 42%га чейин көтөрүлдү. Түркиянын Европа менен соода байланышы 2017-жылы 160 милиард доллар көлөмүндө болду. Акыркы учурларда эки тарап 1995-жылы жетишилген келишимди жаңыртуу аркылуу бир жарым жыл ичинде соода көлөмүн 200 милиард долларга көтөрүүнү, беш жыл аралыгында 500 милиард долларга көтөрүүнү демилгелей башташты. Бул тууралуу Түркия экономика министри Нихад Зибекжи “Түркия менен Америка ортосундагы соода байланыштын көлөмү 18.7 милиард долларды түзгөнүн жана Трамптын учурунда он бир ай аралыгында Американын Түркияга экспорту 7.2 млрд долларга өскөндүгүн билдирди. (Анадолу агенттиги 2018. 01. 21) Ушуга негизделип Түркиянын экономикасындагы кандайдыр бир солкундоолор болуусу, лиранын наркын жоготуусу, Европа экономикасына туруксуздук алып келет. Трамп бул каржы башаламандыгы еврого карата какшаткыч сокку берет деп үмүттөнүүдө…
3. Европа базарына иш жүзүндө Түркия лирасынын наркын жоготуусу таасирин тийгизе баштады:
А. Европа борбордук банкы евро аймактык банктарына Түркиядагы абалдын таасир берип жатышына тынчсыздангандыгын билдирди. Айрыкча, Франция банкы BNP Paribas Испания банкы BBVA жана Италия банкы UniCredit Bank тары. Бул үч банк Түркияда ири көлөмдө иш алып барышат. Бул үч банктын акциясы 3% төмөндөдү. Европа Түркияда жүз берген абалдан таасирлене баштады. Анткени анын ал жакта инвестициялары, карыздары жана ири көлөмдөгү эки тараптуу соода алакалары бар.
Б. Эл аралык эсептөө банкынын эсеби боюнча Түркиянын Европа банктарына болгон карызы 224 миллиард долларды (200 милиард евро) түзөт. Анын көпчүлүк бөлүгү Испания банктарына таандык. Бул банктар Түркиядагы кризис абалынан коопсурап жатат. Лиранын түшүп кетиши менен биргеликте бул банктардын да акциялары Түркияда карыздары бар болгондугу себептүү 10-20 пайызга түштү. (Скай ньюс 2018. 05. 31)
В. Түркия карызын тынчсызданууга салып жаткан дагы бир нерсе Түркиянын карызды жабууга болгон кудуретсиздиги. Түрк инвесторлору жергиликтүү жана чет элдик валюта менен Испания банкына 82.3 миллиард доллар карыз. Франция банкына 38.4 миллиард доллар карыз. Италия банкына 17 миллиард доллар карыз. Ошондуктан бул нерсе акцияларынын наркы түшүп кеткен Европа банктарына, айрыкча BNP Paribas, BBVA жана UniCredit Bankтарына эскертүү коңгуроосу болду.
Ошондой эле лиранын наркынын түшүп кетиши Түркия карызын жаба албай турган күмөндү дагы күчөтөт. Анын натыйжасында Европа экономикасына коркунуч жаралат.
Г. Отчеттордо көрсөтүлгөндөй, ири көлөмдөгү Түркия компанияларынын 220 миллиард доллардан ашык карызы бар. Алар лира наркын жогото баштаганда кредиторлорду коргоо талабы боюнча өкмөткө кайрылышты. Бул компаниялардын ичинен Фред Шахинк миллиардер башкарган “Доуш” группасы. Ал банктар карыздарды чет элдик валюта менен калыбына келтирүүсүн талап кылды. Кээ бир эсептөөлөр боюнча талап кылынган карыздарды калыбына келтирүү үчүн 20 миллирд доллар талап кылынат.
Д. Германиянын соода өнөр жай палатасы: “ Германиянын Түркиядагы 6500 компаниясы Түркиянын экономикасындагы белгисиздик абалдан жабыркашты”,- деп билдирди. Ал Германиянын компаниялары Түркия базарына жаңы инвестиция кылуу жолдорун издештире баштаганына ишаара кылды. (ww.lebanon24.com 2018. 08. 13)
Үчүнчүдөн:
Мына ушундайча лиранын тез арада наркынын түшүшүнө Американын басым кылышындагы максат Европа экономикасында солкундоолорду жаратып, анын натыйжасында евро доллар каршысында наркын жоготуусу көздөлгөн… Американын лирага карата басым кылышы, Америкадагы элдердин да жашоосуна таасир беришине карабастан, Трамп буга көңүл бурбайт. Трамптын ковбойлук менталитетине ылайык, доллар менен атаандашып жаткан кандай гана акча бирдиги болбосун ага какшаткыч сокку берүүнү гана көздөйт. Бирок кейиштүү көрүнүш бул нерсени Эрдоган түшүнө албай турганында. Трамп бирде аны союздаш шериктеш кылса бирде аны бир кечил үчүн душман кылып жатканын түшүнө албай аң-таң. Ал Кара деңиздеги Өне шаарында сүйлөп жатып мындай деди: “Бир кечил үчүн Түркияны опузалап моюн сундурам дегендик чоң ката. Мен Америкадагыларга кайрадан кайрылам. Силер бир кечил үчүн стратегиялык өнөктөшүңөрдү алмаштырып жатышыңар силерге уят.” (Аль анба сайты 2018. 08. 12) Кийин ал Трампка кайрылып, кайгырып үмүт арткан абалда Түркия Америкага көптөгөн кызматтарды кылып бергенин жана анын жолунда согушканын да айтты! Ал бул макаласын 2018. 08. 11 Американын Нью Йорк Таймс журналындагы “ Америка менен болгон кризиске кандай карайсыз” деген аталыштагы тема алдында айтып өттү: “Америка менен Түркия 60 жылдан бери стратегиялык өнөктөш. Ал экөө суук согуш учурундагы жана андан кийинки кыйынчылыктарды бирге басып өттү. Түркия узак жылдардан бери Америкага көмөк көргөзүп келди. Биздин куралдуу күчтөрүбүз аны менен биргеликте Кореяда согушка катышты. Куба менен болгон ракета кризисинин эң кыйын учурунда биз ал кризисти жайгаруу үчүн Американын Юпитер ракетасын биздин жерибизге жайгаштырышына уруксат берип, көмөк көргөздүк. 11-сентябрь окуясын ишке ашыргандарга каршы сокку берүүнү Америка жана анын союздаштары күтүп жатышканда биз куралдуу күчтөрүбүздү Ооганстанга жиберип, НАТОнун миссиясы ийгиликтүү болушуна жардам көргөздүк” Мына ушундайча Эрдоган ислам жана мусулмандардын душманы болгон Америкага канчалык деңгээлдеги малай экендигин көргөздү.
Төртүнчүдөн:
Америка менен Түркия ортосундагы крисиз жана лиранын түшүп кетишинен күтүлгөн жагдай төмөнкүдөй болушу күтүлөт:
1. Американын лирага болгон басымынан лира тез арада кунун жоготушундагы максат Европа экономикасында солкундоолорду жаратып, анын натыйжасында евронун наркын жоготуу көздөлгөн. Анткени Европанын Түркия менен тыгыз финансы алакасы бар. Бул нерсе иш жүзүндө евронун доллар каршысында наркын жоготууга алып барып жатат. Financial Times билдиргендей, жума күнү евро бир топ наркын жоготту. Европанын борбордук банкы Испания, Франция жана Италия банктары Түркиядагы абалдан жабыркап жаткандыгына кабатыр болду. Кечээ евро доллар каршысында 1.13655 наркын жоготту. Бул көрсөткүч евронун доллар каршысында 2017-жылдын сентябрынан бери эң төмөнкү көрсөткүчү. (Рейтер агенттиги 2018. 08. 13) Ошондуктан, эгер Трамп лирага басым кылуу аркылуу еврого каршы сокку уруу каалоосун ишке ашыра алса, анда кайрадан 2003-жылы Эрдоган бийликке келген учурда лираны кредиттик рейтингди баалоо агенттиктери аркылуу лираны колдоого алышы мүмкүн. Эрдоган бийликке келээрде, башкача айтканда Эджевидин өкмөтү учурунда лиранын куну качкан экономика өтө чабал абалда болгон. Кийин Американын таасири, жардамы менен карыздарды мол көл кылып берүү жана Түркиянын рейтингин көтөрүү аркылуу “ажарлуу” экономика пайда кылган. Анын натыйжасында карыз жана сүткордукка негизделген Түркия экономикасы “өсүү” дооруна кирген эле.
2. Ал эми бажы төлөмдөрүн көтөрүү бул маселеге анчейин таасир бербейт. Түркиянын Америкага алюминий жана болотту экспорт кылышы миллиард доллардан ашыгыраак көлөмдү түзөт. (Аль явм Саабиг 2018. 08. 02) Бул нерсе 2017-жылы экспорту 157 миллиардды түзгөн мамлекет үчүн таасир эте турган нерсе эмес. Ошондуктан, Түркия экономикасына көлөкө түшүрүү, андан кийин лиранын үстүнөн кара булут айлантуу бул Европа экономикасында паника жаратуу кийин анын натыйжасында евронун кунун жоготуу максатында кылынган иш. Анкенти Түркия менен Европанын ортосунда тыгыз финансы алака бар…
3. Ал эми кечил маселеси болсо анын камалганына эки жылча болуп калды. Бул иш Түркия менен Америка ортосунда жөндүү гана иш болчу. Азыр болсо Трамп шайлоо алдында аны көтөрүп чыкты. Ошондой эле каржы базарына таасир берүүдө жардамчы катары Америка Түркия ортосундагы чыңалууга көмөк көргөзүүчү фактор катары пайдаланды. Бул маселе бул иштин бир бөлүгү гана, ал негизги көйгөй эмес. Ошондуктан, жүрүп жаткан кризис көп узабастан эле евронун кунун жоготушу менен чектелиши… артынан эле Эрдоган бул кечилди эч бир бетин кызартып койбостон эле Америкага өткөрүп бериши акыйкаттан алыс эмес.
4. Ал эми лира наркын жоготушу менен баалар көтөрүлүп Түркия элинин кыйынчылыкка кептелиши… Бул нерсе Трамптын башынан бир тал чач да түшүрбөйт. Трамп эле эмес анын жүгүртөк малайлары да буга кабак чытып койбойт… Балким жүгүртөк малайлар алардын кожоюндары кызыкчылыгына жараша пайдаланып, кереги тийбей калганда ыргытып коюшун, ал тургай бетине кара көө жаап артына тээп коюшун түшүнүшөбү? Ким өзүн кор тутса аны кордоо жеңил болот.
Корутундулап айтканда:
Трамптын бажы салыгын көтөрүүсү, кечилдин маселесин козгоо жана кредиттик рейтинг агенттиктери аркылуу Түркиянын карыздарынын бетин ачып, анын рейтингин түшүрүп, кризисти пайда кылды. Мындан көздөлгөн максат – Европа экономикасында паника жаратуу аркылуу евронун кунун түшүрүү. Анткени Түркия менен Европанын ортосунда тыгыз финансы алака бар. Ошондуктан бул нерсе иш жүзүндө евронун доллар каршысында наркын жоготуусуна алып барат…
Эрдоган Американын каш кирпиги менен кошо айланат. Ошондуктан кризис көпкө узабашы күтүлөт. Балким Трамп еврого какшаткыч сокку бере албаса да куну түшө баштаган абал менен чектелиши мүмкүн… Анда Трамп Эрдогандын бетинде бир нерсе калгыдай же эч нерсе калтырбай эле бул кризисти баштаганындай аягына чыгарып коюшу күтүлөт… Андан кийин кечил бошотулат бажы төлөмү кыскартылат же жеңилдетилет. Кредиттик рейтинг агенттиктери карызды жабууну артка сүрүү жана жаңы карыздарды берүү аркылуу Түркиянын рейтингин көтөрөт. Андан кийин лиранын наркы кризис баштала электеги наркына көтөрүлөт же белгилүү бир деңгээлде көтөрүлөт. Эрдоган менен Трамп мурда эч нерсе болбогондой кол алышып достук сүйлөшүүлөрүн уланта беришет. Окуя ушундай таризде улана берет… Эгер кожоюндары кызыкчылыгына жараша кордогусу келсе аларды кордошот. Балким, аларды арттарына тээп да коюшат. Мындай окуялар алардан мурдагыларда да жүз берген. Алар ошол окуялардан сабак алышпайбы?
“Бул нерседе кимде уга турган кулак туя турган жүрөк болсо эскертме-үлгү бар” (Кааф: 37)
Боордошуңуз Ато бин Халил Абу Рушта 2018. 08. 23
turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

23 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago