Путин Түркиянын Сириядагы ролун мактады

Путин Түркиянын Сириядагы ролун мактады

РФ президенти Владимир Путин Россиянын Түркия, Иран жана АКШ менен кызматташтыгы себептүү Сирия кризисин жөнгө салууда бир топ утуштар болгондугун айтты. Путин бул жаатта Түркиянын ролун өзгөчө баса белгиледи. Анын айтышынча, Сирия маселесинде Россиянын Түркия жана башка мамлекеттер менен кызматташтыгы жемишин берүүдө.

Россия президентинин бул билдирүүсү, Түркия тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана коргоо министри Хулиси Акардын Москвада россиялык кесиптештери Сергей Лавров жана Сергей Шойгу менен жолугушуусу учурунда айтылды.

“Иран, Европа мамлекеттери жана АКШ сыяктуу бул ишке кызыкдар мамлекеттер менен биргеликте ишке ашырган аракеттерибиз о.э. БУУ менен кызматташуубуз себептүү Сирия кризисин жөнгө салууда бир топ ийгиликке жетиштик”, – деди Путин.

О.э. Москва жана Анқара ортосундагы алакалар маанилүү мүнөзгө ээ болуп бара жатканына ишара кылды. Анын айтымында, эки өлкө ортосунда аймактык маселелерди, айрыкча Сирия маселесинде тыгыз экономикалык кызматташтык бар.

Өз кезегинде, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Путиндин Стамбулга жакынкы күндөрдө келишин күтүп жаткандыгын баса белгиледи. Ал сөз арасында эки жетекчи ортосундагы “ресторанда түштөнүү келишимин” да эскертип өттү.

Чавушоглу Россиянын борбору Москвада Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн болсо, Сергей Шойгу түркиялык кесиптеши Хулуси Акар жана Түркия разведкасынын башчысы Хакан Фиданды кабыл алды.

Түркиянын “TRT” телеканалынын кабарына таянсак, Лавров жана Чавушоглу ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн эң маанилүүсү Сирия маселеси тууралуу, айрыкча Идлиб тууралуу болгон.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago